"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Шамалды-Сай шаарында көмүр брикеттөөчү завод ачылды

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү Ноокен районунун Шамалды-Сай шаарында көмүр брикеттөөчү завод ачылганын билдирди.  Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин өкүлү Тилек Текебаев катышты.

Завод толугу менен автоматташтырылган. Мында саатына 12 тоннадан 32 тоннага чейин көмүр брикетин чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Ишкана “Ак-Марал АРК” ЖЧК тарабынан ачылып, 20га жакын жаңы жумуш орундары түзүлгөн. Облус башчысы жергиликтүү тургундарды жаңы заводдун ачылышы менен куттуктады.