"Эркин-Тоо"
Маданият

“Шамбала” тасмасы Испаниядагы Imagine India Film Festival кинофестивалына катышат

Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” чыгармасынын негизинде тартылган Артыкпай Сүйүндүковдун “Шамбала” тасмасы Испаниядагы Imagine India Film Festival кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы улуттук «Кыргызфильм» киностудиясынан билдиришти. Маалыматка караганда кинофестиваль 24-сентябрдан 9-октябрга чейин өтөт. “Шамбала” тасмасы “КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы” наамында “Ника” сыйлыгын да жеңип алган.