"Эркин-Тоо"
Коом Пресс

Шамкеевдин элеси эскерилди

Юстиция министрлигине караштуу жаза аткаруу кызматынын кайтаруу жана күзөтүү департаментинде департаменттин негиздөөчүсү, ИИМдин мурдагы ички аскерлеринин биринчи кол башчысы, генерал-майор Анарбек Шамкеевдин жаркын элесине арналган митинг-реквием болуп өттү. Каарманыбыз 11-декабрда 75 жашка чыкмак. Офицерлерге, прапорщиктерге, сержанттарга, дегеле бардык өздүк курам менен бүтүндөй формачандарга адилеттүүлүктүн, ар-намыстын эталону, устаты болгон генералдын эскерүү кечесине жакындары, достору, ардагерлер чакырылып, департаменттин клубуна, музейине барышып, баатырдын эстелигине гүл коюшту. Жаза аткаруу кызматында буга чейин да аталган тармакты бир кездери башкарган легендарлуу Самаркул Рысбаевдин 100 жылдыгынын урматына эскерүү иш-чарасы болуп өткөн. Мамлекеттик мекемелерден жаза аткаруу кызматы бир кездеги жетекчилеринин элестерин эскерүү менен айырмаланышарын баса белгилөө кажет. Маркумдарды эскерүү менен ишибиз жүрүшөрүн башкалар да эстерине алышса кана?