Үй-бүлө – кичинекей мамлекет. Турмуш көрсөткөндөй, үй-бүлө канчалык бекем болсо, мамлекетибиз дагы ошончолук күчтүү болоору шексиз. Анын сыңарындай биз бул жолу да ошондой бактылуу үй-бүлө ээлерин кепке тарттык. Алар КРнын эмгек сиңирген артисти, мамлекеттик «Учур» жаштар театрынын көркөм жетекчиси Шаршенбек Шейшенов жана жубайы КРнын эмгек сиңирген артисти Бактыгүл Асанова. Чыгармачыл жубайлар бири-бирине эриш-аркак болуп, бир чөйрөдө, бир кызматта иштөө менен бирге бактылуу, үлгүлүү үй‑бүлөнү түптөп, 43 жылдан бери бир түндүктүн алдында ынтымактуу жашоо кечирип келишет. Шаршенбек ага менен Бактыгүл эже бизге бактылуу үй-бүлөлүк жашоонун сыры, жаштыктын жакшы күндөрү, балдары туурасында маек куруп беришти.
— Шаршенбек ага, ар бир адамдын жаштыгы болот эмеспи. Ошол учурга кайрылсак, жубайыңыз менен алгач качан, кандай шартта таанышкансыз?
— ФХУнун (Фрунзе сүрөт училищанын) жатаканасында жашачумун. Эжеңди алгач ошо жерден көргөм. Көрсө, ал да ошол жатаканада жашайт экен. Биринчи көргөндө шаардык кыз го деп ойлогом. Анткени кичинекей, татынакай, өзүнө тың, кийимди таза жана жарашыктуу кийген ак жуумал сулуу кыз болчу. Кантип таанышсам деп көпкө жүрдүм. Сураштырсам, филармониянын бий бөлүмүндө окуйт экен. Сөз айтсам такыр эле карабайт. Алдын торойм, артынан сөз ыргытам такыр эле бучкагына теңебей койду. Ачууланып “сени шашпа” деп жүрдүм. Бир күнү ушундай бир сонун гүлдүү көйнөгүн кийип алып тепкичтен түшүп баратыптыр. “Чоң кыз, жүр киного барып келели”- десем “мен уже баратам”- деп күлүп кетип калды. Чуркаган боюнча 5-кабатка чыктым да чакага суу толтуруп, терезеге келип карасам, жаңы эле эшик алдына чыкты. Мен тарапка басса экен деп ичимден тилеп жибердим. Ушундай койкоңдоп басып келе жатканда туштап туруп бир чака сууну куюп жибердим. Ал “сволочь!” деп эле тилдеп калды. Билмексен болуп алдынан тосуп чыксам, Бактыгүл сууга түшкөн чычкандай шөмтүрөп турат. Бир нерсени шекшигенсип мени акшыя карап койду. Таанышуунун алгачкы күндөрүндө мына ушундай окуялар болгон.
— Кайсы жылы үй-бүлө кургансыздар? Канча жылдан бери бирге түтүн булатып келесиздер? Канча уул, канча кызды тарбиялап, билим бердиңиздер? Канча небереңиздер бар?
— Биз студент кезибизде баш коштук. Анда Москвада 4-курста окучубуз. Январь айы келип, кышкы каникулга тарап, Москвадан учуп келдик. Келээрибиз менен Бактыгүлдү жетелеп алып айылга алып кеткем. Үйлөнүп алып, кайра Москвага окуубузга кеттик. 1982-жылы уулум Улан төрөлдү. Сүйүнгөнүмдөн көчөгө чыгып алып “У меня родился сын!..” деп кыйкырганым эч эсимден кетпейт. Ал кез Союз учуру, абдан сонун убак эле. Атүгүл, ошол учурдун орустары да азыркыдан башкача болчу. Кудайга шүгүр, ошол кезден бери бирге ынтымакта жашап келе жатабыз.
Уул, кызды тарбиялап, алар турмушта өз ордуларын табышты. Уулдан үч, кыздан бир неберелүү болдук. Кудай кут кылсын. Кызым Уркуя академияны ийгиликтүү бүтүрдү, турмушка чыкты. Күйөө балам экөө Европада иштеп келишти, бир уулу бар. Жээн неберем бир жашта, Тунгучта турушат. Уулум Улан КГУСТАны бүтүрдү. Неберелеримдин улуусу Баяна КУУда юридикалык жагында 3-курста окуйт, Эмир 99-президенттик лицейде программист киберкоопсуздук жагында окуп жатат. Кичүү неберебиз Эрика 5 жашта, бала бакчага барат.

— Бактыгүл эженин кайсы тамагын тамшанып жейсиз?
— Эми ал жагын сураба. Студент кезде жумуртка кууруй алчу эмес. Кийин сүйлөшүп жүргөндө тамак жасаганды үйрөтпөдүмбү. Студенттердин эң негизги тамагы болгон картөшкө, вермишель бышырганды үйрөтүп койгом. Азыр бергенин “ммм… укмуш болуптур” — деп жеп алам, анткени даамдуу жасайт. Үй-бүлөбүз менен этти, беш бармакты жакшы көрөбүз. Жумасына бир жолу эт салып жебесек, сууктап кетебиз.
— Бактыгүл эже, Шаршенбек ага менен таанышкан күнүңүз эсиңиздеби?
— Албетте эсимде, ал кездеги Фрунзе шаарына жаңы эле келген кезибиз болчу. Мени айылдагылар “бийчи кыз” дешип, мектептин, айылдын ар кандай иш-чараларына бийлете беришчү. Бийчи болом деп, Филармония алдындагы 2 жылдык бий окуу жайына тапшырып өтүп кеттим. ФХУнун жатаканасында жашачумун. Ошол жерден бир мурутчан бала тийише эле берчү. Күнүгө алдымды тороп киного чакырат, мен барбайм. Ага болбой балмуздак, суусундук алып берет. “Жаш туруп эмне мурут коюп алган” — деп көп жактыра берчү эмесмин. Каадаланып жинине тийсем керек же мен жолугушууга чакырсам макул болбой башкага баратабы деп кызгандыбы, айтор бир күнү мындай окуя болду. Гүлдүү жакшы көргөн көйнөгүмдү кийип алып эжеме жолукканы баратсам адатынча алдымды тороп “кайда баратасың, киного барып келбейлиби” – деп тийише баштады. Жиним келип “кайда барам, кимге жолугам, менин ишим” – деп кетип калдым. Жатаканадан сыртка чыгып, 3-4 кадам аттагандан кийин эле үстүмө муздак суу куюлду. Шөмтүрөп суу болуп, кыйкырып эле жатып калдым. Көрсө, Шаршенбек 5-кабаттан үстүмө суу куюп жибериптир. “Ошол мен болчумун” деп кийин Москвага окууга барганда айтып берип жатпайбы. Ошентип жүрүп, Москвага барганда мамилебиз жакшы болуп кетти.
— Келиндин келгендегиси эстен кетпейт деген сөз бар го, ал учур сиздин эсиңизде эмнеси менен калган?
— Студент кезибизде үйлөнгөндүктөн, жайкы, кышкы каникул болгон сайын айылга келчүбүз. Каникул болгондуктан кайнагамдын, кайнежемдин балдарынын баары көлгө түшүп, эс алганы айылга барчу. Айтор, үй толо киши болор эле. Баарына чай куюп, эми чайымды ичейин десем, кайра баягы бош чынылар келип калат. Чай куя берип эсим ооп калчу. Чай ичип болгон соң бардыгы туруп кетип, аягында идиш-аяк менен мен эле калчумун. Кайнатам абдан жакшы киши болчу, мени аячубу билбейм, көңүл буруп турар эле. Бир жолу “балам сен баарыбызга чай, тамак берем деп жатып, өзүң ачка калып жатат окшойсуң. Биринчи табакка толтура куюп коюп, өзүңө алып кой анан бизге куюп бер”- деди. Ошентип, кийин атам үйрөткөндөй кылып баарынын курсагын тойгузуп, анан өзүм алып койгон тамагымды ичип жүрдүм. Ушул такыр эсимден кетпейт. Ыраматылык кайненем да, кайын атам да абдан жакшы адамдар эле, жаткан жерлери жайлуу болсун!
— Казан-аяк кагышпаган үй-бүлө болбойт эмеспи, сиздерде пикир келишпестик көбүнчө эмнеден чыгат. Кимиңиздер кечиримдүүсүздөр?
Б.А: — “Казан аяк кагышпайт” – деп айтууга албетте болбойт. Албетте, кээде андай учур болуп турат. Мисалы, жакында бир окуя болду, ошону айтып берейин. “Үстүңдөгү костюмуң эскирип кетиптир өзүңдөн аябай бир костюм шым алып алчы” десем укпайт, болбой жатып алдырдым. Биздики ушул сыяктуу эле майда-чүйдөдөн чыгат.
Ш.Ш: — Өзүмө оокат алсам дайыма туура эмес алып алам, ошондуктан байпактан баштап бардыгын Бакы өзү алып берет. Далай жолу тил уккан күндөрүм болду да. Алып келсем эле синтетика, чоң же тар айтор ылайыксыз болуп калат.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА

