18-августтан 19-августка чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо туруксуз аба ырайы күтүлүп, нөшөрлүү жаан-чачындын кесепетинен сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Министрлик жарандарды коопсуздук чараларын сактап, тыкыр абайлоого чакырат.

