29-31-июль күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлүп, тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, өлкө аймагында температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Ысык-Көл облусунун дарыяларында, дарыялардын нугуна жанаша жайгашкан аймактардын жээктерин жана жайылма участокторун жууп, суу каптоолор болушу ыктымал.