Эртең, 25-июнда өлкөдө туруксуз аба-ырайы күтүлүп, тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, өлкө боюнча күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.