"Эркин-Тоо"

Шашылыш билдирүү! Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн

Өлкөдө туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-12-август күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
11-августта күндүз өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы
Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чуй облусунда 26…31,
Талас облусунда 24…29,
Баткен облусунда 30…35
Ош, Жалал-Абад 30…35,
Ысык-Көл 24…29,
Нарын 24…29.
Бишкек шаарында күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында өткүн өтүп күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү жогорку температурасы 29…31° жылуу болушу күтүлөт.
Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү жогорку температурасы 35…37° жылуу болушу күтүлөт.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!