8-12-август күндөрү өлкөнүн тоолуу райондорунда туруксуз аба ырайына байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 8-12-август күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.