Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча, 6-7-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2°, Чүй облусунун түндүгүндө жана Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° суук болуп, үшүк жүрөт.
Республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

