20-25-апрель күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт, мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт.
20-24-апрель күндөрү күндүз жана 25-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
20-25-апрель күндөрү аралыгындагы туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги райондордо сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.