"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Шашылыш билдирүү! Республиканын айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

18-августтан 19-августка чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо туруксуз аба ырайы күтүлүп, нөшөрлүү жаан-чачындын кесепетинен сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Министрлик жарандарды коопсуздук чараларын сактап, тыкыр абайлоого чакырат.