Өлкөдө 20-24-июнь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлүп, тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-24-июнда нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Мындан улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.