Москвадагы «Шереметьево» аэропортунда 2 жаштагы бала катуу жаракат алып, учурда ооруканада жатат. Баланын апасы уулу менен бирге ооруканада. Бул тууралуу РИА Новости кабарлап, баланын апасынын 4 айлык боюнда бар экендигин кошумчалады.
Окуя 23-июнда «Шереметьево» аэропортунда катталган. Эркек киши наркотикалык заттын таасири астында баланын жанына келип, аны көтөрүп, күч менен жерге ыргытып жиберген. Натыйжада ал оор абалда ооруканга жеткирилген.
Россиянын Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергөө иштери жүрүп жатканын маалымдады.