Алпаруучу Элмара Турсуналиева ырчы Анжеликанын “Айчүрөк Иманалиеванын уулу карз болчу. Аны кечтим” деген сөзүнө жооп иретинде төмөндөгүлөрдү жазды:
“Эгер, чын эле Арген ушундан акча алган болсо (кезектеги калпы эмес), ошончолук жалпы кыргызга жарыялаган соң, биз ( чыгармачыл чөйрөдөгү кесиптештер) мындай чечимге келдик.
Асель Осмонова, Турдалиева Асель эже, Турусбек Жумалиев, Сагынбубу Ниязалиева, Толкун Орозобаева Толкун, Нурдөөлөт Копоев, Динара Акулова, Жыргалбек Шакиров жана көпчүлүк сахналаштар 1 сомдон чогултуп догун арткан кызга берели. «Карызынан кечиртип» убара кылбай, колуна карматып коёбуз.
Кезектеги ХАЙПТЫ , эненин зар какшагынан, жаш адамдын сөөгү муздай электе жаратты”, — дейт ал.
Эске салсак, Эл артисти Айчүрөк Иманалиеванын уулу Арген 21-июнда жүрөк оорусунан улам каза болгон.