"Эркин-Тоо"

“Шумкар-Уя” айыл аймагынын башчысы Бакыт КЫДЫРАЛИЕВ: “Ниетибиз – жергиликтүү элди жумуш менен камсыздап, үлгүлүү аймак болуу”

Аймактарга инвесторлордун келгени айыл элинин жашоо‑турмушуна бир топ оң таасирин тийгизет эмеспи. Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагында Жер‑Үй кени иш алып барат. Жергиликтүү бюджетке кенден салык төлөмдөрү түшкөндүктөн, аймак республикалык бюджеттен эч каражат албастан социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүүдө. Албетте, аймактардын өнүгүп жатышы баарыбызды кубандырат. Ирилештирүүдөн соң аймак кандай өнүгүп жатканы боюнча айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев менен маектештик.

— Бакыт Муканбетович, ирилештирүү реформасы боюнча кандай иштер жүрдү?

— Административдик-аймактык реформанын алкагында Бекмолдо жана Осмонкулов айыл аймагындагы Талды-Булак, Ак-Коргон, Кара-Ой, Сасык-Булак, Кеңеш, Чоң-Токой айылдары биригип, Шумкар-Уя айыл аймагы болду. Калкыбыздын саны 10772.

Буга чейин Бекмолдо айыл өкмөтүнө Жер-Үй алтын кенинен салыктык чегерүүлөр түшкөндүктөн бюджети жетишээрлик болсо,
Осмонкулов айыл өкмөтү дотацияда турчу. Азыр Осмонкулов айыл аймагы менен биригип, жалпы бюджетибиз 250 млн сом болду.

Шумкар-Уя айыл өкмөтү айылдын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу багытында 16 долбоор менен иштеп, үч айылга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 140 млн сомго таза суу киргизип жатат. Жергиликтүү бюджеттен 72 млн сом бөлүнүп, Сасык-Булак айылында 120 орундуу бала бакча курулса, Талды-Булак, Ак-Коргон, Кара-Ой айылдарындагы мектеп, бала бакча, спорт залдар оңдолуп, эмки жылы Талды-Булак айылына заманбап спорт зал салабыз.

Ошондой эле Сасык-Булак айылына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 58 млн сомго Шумкар-Уя айыл өкмөтүнө жаңы имарат салына турган болду. 2 кабаттуу имаратта калкты тейлөө борбору (ЦОН), банк кызматтары, айыл өкмөтү жайгашат.

Калкты тейлөө борбору райондогу 4 айыл өкмөттүн калкын тейлейт. Айыл эли иш-кагазынын баарын ушул жерден алып, социалдык фонддун, почта кызматкерлеринин бирден адиси отуруп, бир банктын филиалын да ачууну пландап жатабыз.

Айыл өкмөттүн жаңы имараты курулуп бүтсө, азыркы айыл өкмөтү жайгашкан имаратты эки кабаттуу кылып көтөрүп, Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун жайгаштырып, аларды заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздап беребиз.

— Аймактарда муниципалдык ишканалар түзүлүп, алар бир топ ишти жеңилдетип жатышпайбы. Бул багытта сиздерде кандай болууда?

— Жакынкы жылдары аймакта социалдык жактан чечиле турган маселелер арбын болгондуктан 3 муниципалдык ишкана түзөлү деп турабыз.

“Калыстык МТЗ” муниципалдык ишканасынын алдында жаңы үлгүдөгү 30дан ашык айыл чарба техникалары бар. Жакында эле чөп чаба турган 2 комбайн алдык. Жаз-күз айларында техника жактан муктаждык болбой жыйым-теримди убагында жыйнап алууга жакшы шарттарды түздүк. Аба-ырайы жаан-чачындуу болуп жаткандыктан, шашылыш жагдай жаралса жаныбыздагы айыл өкмөттөргө да көмөк көрсөтүүдөбүз.

“Таштанды полигону” муниципалдык ишканасы аймактын санитардык абалын көзөмөлдөйт. Сасык-Булак айылында таштанды полигону курулуп, анда малдын өлүгүн ыргыта турган “беккару” чуңкуру талапка ылайык, санитардык нормаларды сактоо менен курулууда.

Айыл элин борбордук канализация системасы менен камсыз кылуу максатында да иштер жүрүүдө. Азыркы учурда калкты таза суу менен камсыздоо долбоору аяктап, “Таза суу” муниципалдык ишканасын ачуу алдында турабыз.

Аймакта жергиликтүү тургундардын эс алуусуна ылайыктуу парк болбогондуктан муниципалдык парк курсакпы деп пландап, бул боюнча кытайлык заводдор менен сүйлөшүп жатабыз. Азыр парк жайгашуучу жерди трансформациялоо иши жүрүп, тиешелүү иш-кагаздары бүтсө эле паркты куруп баштайбыз.

Буюрса, парк курулса ары-бери өткөн коноктор, айылдыктар бала-бакырасы менен эс алса, андан сырткары жергиликтүү тургундар үчүн кошумча жумушчу орун түзүлүп калса деген ниеттебиз.

— Айыл эли өзүн-өзү жумуш менен камсыздоого бир топ аракет жасап жатыпсыздар. Бул боюнча токтолуп кетсеңиз.

— Аймагыбызда Жер-Үй кени жайгашкандыктан салыктык чегерүүлөрдөн улам каражат жетиштүү. Ошол себептүү элибиз бизди колдоп турса, колубуздан келишинче жумуш орундарын түзүү аракетиндебиз.

Биздин аймак облустун кире беришинде жайгашкандыктан Кара-Ой айылынын кире беришине LED экран койдук. Ал жакка аймакта болуп жаткан иштерди, ишкана-мекемелердин жарыяларын, социалдык роликтерди жарыялап турсак, жолдон ары-бери өткөн облус тургундары биздин аймакта жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып турат деген ойдобуз.

Азыр тигүү тармагы өнүгүп, кыз-келиндер айылда туруп эле тигип жатышкандыктан алдыда тигүү цехтерин куралы деп жатабыз. Буюрса тигүү цехтери иштеп баштаса бул багытта да жумушчу орундар түзүлөт.

Андан сырткары АРИС уюму менен бирдикте жер-жемиш сактоочу муздаткыч курсакпы деп, алар муздаткычты алып берсе, имаратты айыл өкмөт өзүбүздүн каражатка курабыз.

Тоок ферма боюнча адистер менен кеңешип, бул ишти 2025-жылы ишке ашырабыз. Азык-түлүктү кайра иштетүү багытында адистерден кеңеш алып, биздин аймакка кандай ишкана ыңгайлуу деп караштыруудабыз. Азыр айылда социалдык маселелер топтолуп калгандыктан аларды чечип алсак, 2026-жылдан баштап өндүрүш багытын колго алып, элибиз эч нерседен кор болбогондой жашоо-шартка жеткиребиз деген иш-аракеттебиз.

Президент С.Жапаровдун аймактарды өнүктүрүү саясатын колдоо багытында биздин аймак ар кандай долбоорлорду ишке ашырууну колго алып жатабыз.

— Ички каттам үчүн Талас шаарына электробус жүргүзүп жатыпсыздар. Муну элдер кубануу менен кабыл алса керек?

— Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 40 орундуу электробусту 16 млн 920 миң сомго алып келдик. Ал күнүнө Талды-Булак айылынан баштап Талас шаарына чейин 2 ирет 70 км аралыкта каттап, жол боюнда жайгашкан айыл тургундарын да ташыйт. Жол кире акысы 70, 50 сомду түзсө, пенсионер, 12 жашка чейинки балдар, студенттерге 50% жеңилдик каралган.

Албетте, бул да болсо айыл элинин жашоо-шартын жеңилдетүү багытында жасалып жаткан иштердин бири. Азыр айыл тургундары шаарга өздөрүнө ыңгайлуу убакытта кенен-кесири барып келип жатышат.

— Билим берүү тармагындагы алдыңкы окуучу, мугалимдерди да баалуу белектер менен сыйлап, окуучу, мугалимдерге мотивация берип жатыпсыздар…

— Талас району боюнча Кара-Ой айылындагы А. Бөрүбаев атындагы орто мектеп ЖРТнын орточо баллы боюнча биринчи орунда. Быйыл бизде билим берүү тармагы жемиштүү болду. Хаписова Адинай аттуу кызыбыз “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болуп, ЖРТдан 200 упай алды. Окуучуларга, мугалимдерге дем-шык болсун деп Адинайга Айфон-15 үлгүсүндөгү телефон, ата-энесине 100 миң сом, мектеп директоруна жана мугалимине Дубайга барып эс алып келүүгө сертификат тапшырылды.

Спорт тармагында да көп иштерди алып барып, балдарды сборго жөнөтүп, алар ийгиликтүү келип жатышат. Быйыл балдарыбыз өспүрүмдөр арасындагы Кыргызстанда болгон мелдештердин бардыгына катышып, мелдештерден 1, 2, 3-орундарды алып келишүүдө. Балдардын каржы маселеси жергиликтүү бюджеттен каржыланууда.

Билимдүү келечек – жаркын келечек эмеспи. Бюджетибизде каражат болуп турганда окуучу, мугалимдерди колдоп, алардын татыктуу билим алуусуна шарт түзүп берүү биздин милдет.

Кара-Ой менен Сасык-Булак айылындагы мектептердин курулганына бирөөнө 50, экинчисине 35 жыл болуптур. Эки мектеп тең буга чейин бир да жолу оңдоп-түзөөдөн өтпөптүр. Азыр бул мектептер ичи-тышы менен кырылып, оңдоодон өтүп жаткандыктан, заманбап салынган мектептердин катарында болот.

Мектеп окуучулары алдыңкы технологияларды колдонсун деп жыл сайын ар бир мектепке интерактивдүү панелден алып берип, бүгүнкү күндө андай панелден ар бир мектепте 2ден бар. Бул окуу жылында дагы бирден панель алып беребиз. Азыр жаштар айылдан туруп эле, “Ааламга жол айылдан башталат” дегендей дүйнөлүк окуу жайларды багынтып жатышпайбы. Ошол себептүү, биздин өрөөндүн жаштары да айылдан туруп эле алдыңкы окуу жайлардын босогосун аттайт деп ишенем.

Кыргыз элинин белгилүү инсандары Б.Сарногоев, С.Эралиев окуган Көк-Арт мектеби бүгүнкү күндө үй-музей болуп түзүлгөн. Былтыр бул музейди оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, быйыл “Манас” театрынын филиалы катары ачып, облус боюнча 30дай таланттуу улан-кызды манасчылык, дастанчылык, комузчулук өнөргө окутуп, тарбиялайлы деп турабыз. Бул театрдын филиалы ишке кирсе, өрөөндөгү таланттуу улан-кыздардын татыктуу билим алуусуна шарттар түзүлөт.

Билим берүү тармагына каралган долбоордун алкагында быйыл Чоң-Токой айылына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 225 орундуу мектептин курулушу башталат. Азыр бул долбоордун иш-кагаздары даярдалууда. Ошондой эле аймакта бала бакчалардын шарттарын жакшыртуу, оңдоп-түзөө жана жаңы бала бакчаларды куруу боюнча да иштер жүрүп жатат.

— Ирригациялык маселелерге кандай көңүл бурулууда?

— Аймактагы сугат тармагын жакшыртуу максатында атайын долбоор даярдалып, 39 миллион сом бөлүнгөн. Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражатка көйгөйлүү делген Сасык-Булак, Кара-Ой жана Чоң-Токой айылдарындагы арык-каналдар кеңейтилип, тазаланып жатат.

Жалпы узундугу 94 км болгон 18 ички арык болсо, анын жарымынан көбүн сугат сезонуна чейин ремонттон өткөрүп, калган арыктарды жыйым-терим аяктагандан кийин капиталдык ремонттон өткөрөбүз.

Ошондой эле жол курулуш ишканасы менен биргеликте Кара-Ой айылында 5 кмдей жолду 1-ноябрга чейин асфальттап, жалпы жонунан суук түшкөнгө чейин 15 кмдей жолду бүтүрөбүз. Күн сууктаганга чейин жолдорду оңдоп алсак, кийинки жылы ички жолдорго тротуар, лотокторду коюп чыгабыз. Жолдорду кеңейтүү максатында жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушууларда кызыл чектен чыккан тосмо, сарай жана башка курулуштарды талапка ылайык ичкери киргизүү зарылдыгын эскертүүдөбүз.

Былтыр ноябрь айында аймакты жарыктандыруу багытында трассада турган айылдарга жарыктандыруу коюп баштадык эле, ошо күндөн бери жол кырсыктын саны кадимкидей азайды. Буга чейин трассадагы жолдо жарыктандыруу болбогондуктан былтыр октябрь айында эле 6 жылкы сүзүлгөн. Азыр Кара-Ой айылы менен Талды-Булак айылынын ортосундагы 25 чакырымды жарыктандыруу иши жүрүп, жакын арада бүтүп калабыз деп турабыз.

Жарандардын коопсуздугуна кам көрүү багытында ИИМдин Талас облусундагы бөлүмү менен иш алып барып, аймактагы жолду бойлой акыркы үлгүдөгү 13 камера койдуруп, бүгүнкү күндө жол коопсуздугу боюнча иштерди да көзөмөлдөп жатабыз.

— Аймактагы айыл чарба, жайыт жерлер боюнча айтып кетсеңиз.

— Айыл чарбасы боюнча биздин аймак арпа, чөп менен алектенебиз. Талас району облустун башка аймактарына салыштырмалуу салкын болгондуктан биздин дыйкандар фасолду азыраак эгет. Дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүн арттыруу багытында эмки жылы жүгөрүнүн суукка туруштук берген жаңы сортун 50 га жерге айдап көрөлү деп жатабыз. Эгер бул иш-аракет ийгиликтүү болсо, аймак боюнча жүгөрү айдоону колго алабыз. Бул багытта жүгөрү чаба турган комбайн да сатып алганбыз.

Мал чарбачылыгында асыл тукумдуулукту көтөрүү боюнча да Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен сүйлөшүп, атайын лаборатория ачып иш жүргүзүү боюнча бел байлап уй, кой, жылкынын асыл тукумдуулугун көтөрсөкпү деп турабыз.

Суусамыр өрөөнүндө биздин аймакка тиешелүү 26,5 миң га жайыт жери бар. Ал жактагы жайыттарды тикенектүү алтыгана бадалы каптап, аны менен күрөшүү үчүн “Ротоватор” шайманын сатып алып жатабыз. Азыр алтыгана бадалы каптаган жерлерге мал кире албай калды. Бул боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б.Төрөбаев да атайын көчмө жыйын өткөрдү. Биздин адистер да министрликтин адистери менен сүйлөшүп, иштерди алып барууда.

— Аймагыңыздарда иш жүргүзүп жаткан Жер-Үй кенинде коопсуздук чаралары сакталган бекен?

— Ал жакта биздин аймактан 243 адам иштейт. Текшерүү ишин жүргүзгөндө кендин өзү, хвостохранилище да аймакка жакын болуп, экологиялык көйгөйлөр, мүчүлүштүктөр жок эмес. Алар бул кемчиликтерди жакынкы күндөрү жоёбуз деп жатышат. Буга чейин тоо-кен адистери менен биргеликте жылына 2 жолу гана мониторинг жүргүзүп турсак, азыр жергиликтүү кеңештин депутаттары сунуш кылып, жылына 2 жолудан эмес квартал сайын барып текшерип туралы дешти.

— Бакыт Муканбетович, бул жакка атайын чакыруунун негизинде келип иштеп жатыпсыз. Ишиңизде кыйынчылыктар болбой элеби?

— Кайсы тармак болбосун кандай көйгөй бар экенин ал жактын ичине аралашып иштемейин билбейсиң. Чынында айылда көйгөй көп. Буга чейин Бекмолдо айыл өкмөтүндө чогулган каражат туура жумшалбай, жумуш жүрбөй келиптир. Азыр айыл өкмөт башчылары атайын буйруктун негизинде бекитилет. Бюджетте каражаты бар туруп, өнүгүү жолуна түшө албай жаткан аймакты өнүктүрүү керек деген тапшырма болду. Бүгүнкү күндө колумдан келишинче аракет кылып, иштеп жатам.

Жергиликтүү бюджетке Жер-Үй кенинен салыктык чегерүүлөр түшүп тургандыктан республикалык бюджеттен каражат бөлүнбөйт. Буга чейин 2016-жылдан баштап түшкөн каражат иштетилбей келген. Мен 2023-жылы сентябрь айында бул кызматка келгенде бюджетте 800 млн сом бар болчу. Бүгүнкү күндө бул каражатты социалдык маселелерди чечкенге жумшап, алдыда өндүрүш тармагы боюнча да иштерди колго алсакпы деп турабыз.

— Кандай пландарыңыз бар?

— Жанагы чогулуп калган 800 млн сом каражаттын бардыгы бүгүнкү күндө элдин керектөөсүнө жумшалып калды. Кээ бирлери кагаз түрүндө ишке ашып жатса, кээ бирлери жумуштун негизинде болууда. Жер-Үй кени иштеп турса жыл сайын 250 млн сомдун тегерегиндеги каражат түшүп турат. Эмки жылдан баштап өндүрүш тармагын дагы колго алып, айыл тургундарын атайын окутуулардан өткөрүп, жашылча-жемиш сактай турган логистикалык борборлорду ачсакпы деген ойлор бар. Кыскасы, кандай болсо да жергиликтүү тургундар жумушсуз болбой, күнүмдүк керектөөсүнө жете тургандай каражат таба турган булактарды ачып, шарттарды түзүү зарыл.

Эмки жылы 7-класстан жогорку балдар окуй тургандай жатак тибиндеги IT лицей ачуу боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул ишти 2025-жылдан ишке ашыруу планыбызда бар.

Жарыктандыруу боюнча да Суусамыр өрөөнүнөн баштап Шумкар-Уя аймагына чейин жана Өтмөк ашуусун толугу менен жарыктандырсакпы деп турабыз. Жарыктандыруу менен биринчиден коопсуздук маселесинин алдын алган болсок, жарыктандыруу болгон жерде инфраструктура да өнүгөт деп турабыз. Быйыл иш кагаздарын бүтүрүп алсак, жаз айлары менен ишти баштайбыз.

Айыл тургундарын интернет менен камыз кылуу аракетинде жергиликтүү бюджеттен 8 миллион сом бөлүнүп, Кеңеш, Чоң-Токой, Сасык-Булак жана Кара-Ой айылдарына интернет тартылууда. Дагы 5 млн 600 миң сомго Талды-Булак менен Ак-Коргон айылдарына да интернет тартыла турган болду.

Жакында эле Талды-Булак, Кара-Ой, Сасык-Булак, Кеңеш жана Чоң-Токой айылдарынын айыл башчыларына 5 даана электро-скутер тапшырдык. Бул эми айыл башчылар жөө жүрбөстөн убакытты үнөмдөп, электроскутерлер менен ыкчам иш алып барышсын деген максатта алдык.

Эми мага Шумкар-Уя айыл аймагын өнүктүрүү боюнча ишеним берилип жаткандыктан, аймакта кайсы багыт ыңгайлуу болсо, бардыгын алып кетүүгө күч-аракетибизди жумшайбыз. Ал үчүн бизде бардык шарт жетишээрлик.

— Бакыт Муканбетович, алдыда эгемендүүлүк майрамыбыз келе жатпайбы. Эли-журтуңузга каалоо-тилегиңизди айта кетсеңиз…

— Элибизде биримдик, жергебизде тынчтык болсун! Ырыстуу журтубуздун ынтымагы артып, катарыбыз суюлбай биримдикте өнүгүүгө карай алгалай берели! Ар бириңиздерге чың ден соолук, бакубат турмуш жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм!

Кенже ОСМОНАЛИЕВА

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!