"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Шыкмаматов: Жеңил өнөр жай маселелери Президенттин жеке көзөмөлүндө

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында жеңил өнөр жай тармагындагы көйгөйлөр жакынкы убакта чечилерин билдирди.

Алмамбет Шыкмаматов депутат Жумабек Салымбековдун суроосуна жооп берип, бүгүнкү күндө жеңил өнөр жай тармагында көйгөйлөр бар экенин, бул маселеде Салык кызматынан көз каранды болбогон жагдайлар да орун алганын белгиледи. Анын айтымында, Россия тараптын чек арадагы көзөмөлдү күчөткөндүгү тармакка таасирин тийгизүүдө жана бул маселе Президенттин жеке көзөмөлүнө алынып, учурда каралып жатат.