"Эркин-Тоо"

Сицилия аралында Этна жанар тоосу атылды

Сицилия аралында Этна жанар тоосу атылды. Бул тууралуу дүйнөлүк массалык маалымат каражаттары Улуттук геофизика жана вулканология институтуна (INGV) шилтеме берүү менен жазышты.

Маалыматка ылайык, жарылуу жанар тоонун түштүк-чыгыш кратеринде болгон. Эксперттердин баамында, жанар тоонун атылуусунун бийиктиги деңиз деңгээлинен 4,5 миң метрди түздү.

Этнанын атылышынын учурдагы фазасы Сицилиянын Катания шаарындагы аэропорттун ишине таасир этпей турганы белгиленет.

Учурда жанар тоо адистердин туруктуу көзөмөлүндө. Жалпысынан алганда, анын активдүүлүгү калк үчүн эч кандай коркунуч туудурбайт.