"Эркин-Тоо"

Синьцзян — Чыгыш менен Батышты бириктирген бекем көпүрө

“Тынчтыкка, жакшы коңшулукка жана гармонияга умтулуу кытай элинин руханий дүйнөсүнө терең тамыр жайып, канына сиңген”

Си Цзиньпин, Кытай Эл Республикасынын лидери

 

Кытай эли кытайга гана таандык болгон социализмдин жаркын келечегин түптөөгө багыт алып, болуп көрбөгөндөй тездик менен өнүгүү жолуна түшкөндүктөн, дүйнө коомчулугунун көңүл борборунда болуп келүүдө. “Улуу Кытайдын кайра жаралуу доору бүтүндөй дүйнөгө кандай таасирин тийгизет?” деген суроо эл аралык аренада дагы кызуу талкууну жаратууда. Жаңы жүрүштүн башында турган лидер Си Цзиньпин алгачкы кадамдарын мамлекеттик башкаруу системасын замандын бүгүнкү талаптарына ылайык жаңылоо менен баштаган. Мунун негизги багыты ачык-айкындуулукту кеңейтүү болуп саналат. Кытай ушул демилгенин алкагында жыл сайын ар кандай форумдарды уюштуруп, эл аралык коомчулукка эшигин кенен ачып жатат. 2012-жылдан бери Улуу Жибек жолунун экономикалык мейкиндигинде жайгашкан өлкөлөрдүн маалымат каражаттарынын жетекчилери катышкан форум быйыл да Үрүмчү шаарында болуп өттү. Ага 21 мамлекеттен келген делегациялар катышып, СУАРдын өнүгүүсүндөгү инновациялардын үлгүлөрүн, аймакта жашаган майда улуттардын маданий баалуулуктарынын, укуктарынын, эркиндиктеринин жана кызыкчылыктарынын корголушу боюнча кенен маалымат алышты. Бул Кытайдын дүйнөлүк массалык маалымат каражаттары аркылуу эл аралык коомчулукка өзүндө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү жарыялоо ачыктыгын далилдейт.

2013-жылы Кытай Эл Республикасынын лидери Си Цзиньпин “Бир алкак-бир жол” долбоорун сунуштаган. Бул долбоор Түштүк—Чыгыш Азия, Африка, Жакынкы Чыгыш жана Европа өлкөлөрүнө товарларды тез жана арзан жеткирүүнү көздөйт. Ал үчүн “Жибек жолунун экономикалык алкагы” жана “21-кылымдын деңиз жибек жолу” деген ири эки долбоор бириктирилген. Учурда “Бир алкак-бир жол” долбооруна 150дөн ашык мамлекет кызматташуу келишимине кол койгон.

Синьцзян “Бир алкак-бир жол” долбоорунун негизги багыты. Бул аймак байыркы Жибек жолунун борбору болуп саналып, Чыгыш менен Батышты байланыштырган маанилүү түйүн болуп келген. Бүгүнкү “Кытайдын кайра жаралуу доору” учурунда СУАР экономикалык жана социалдык өнүгүүдө  тарыхый зор жетишкендиктерге жетише алды.

СУАР Кытайдын түндүк-батышында, Евразиянын тереңинде жайгашкан. Аянты 1 миллион 664 миң 900 км². Бул Кытайдын аянты боюнча эң ири провинциялык административдик район, болжол менен Кытайдын жер аянтынын алтыдан бир бөлүгүн түзөт. Ал сегиз мамлекет менен чектешет, анын ичинде Кыргызстанда дагы бар. Жаратылышы кооз, кен байлыкка бай, берекелүү жерде 56 улуттун өкүлдөрү ынтымакта жашайт.

Синьзяндын экономикалык жана социалдык өнүгүүсү бүгүнкү Кытайдын тандаган багыты туура экенин көрсөтөт. 2023-жылы СУАРдын ИДПсы  6,8% өскөн. Көпчүлүк экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүү темпи Кытайдагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болууга жетишкен. Дан өндүрүү 3,057 млн ​​тоннаны түзүп,  республикалык өсүштүн 34,4% түзгөн. Бул аймак Кытайда пахта өндүрүү боюнча алдыңкы орунда. Республика боюнча өндүрүлгөн жалпы пахтанын 91 пайызы СУАРга туура келет. Нефть жана газ, көмүр өндүрүү тармагында СУАР өлкө боюнча алдыңкы орунда турат. Синьцзяндын көмүр экспорту 100 миллион тоннадан ашса, электр энергиясынын экспорту 126,3 миллиард киловатт саатка жеткен.

2023-жылы СУАРдын импорт жана экспортунун көлөмү 357,33 миллиард юанга жетип, 45,9% өскөн. Мунун ичинен «Бир алкак- бир жол» долбооруна катышкан өлкөлөрдүн ортосундагы импорт жана экспорттун көлөмү 47,8%га өсүп, соода көлөмүнүн 94%ын түзгөн. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы импорт жана экспорттун көлөмүнүн өсүү темпи 53%ды көрсөткөн. Бул Синьцзяндын соода көлөмүнүн 80%дан ашыгын түзөт. Кытайдан Европага жылына 17 миңден ашык поездер каттаса, анын 14 миңден ашыгы дал ушул Синьцзян аркылуу өткөн.

Синьцзяндын дүйнөнүн 186 өлкөсү менен соода байланышы бар. Демек, СУАР кылымдар бою Улуу Жибек Жолунун борбору болуп келген болсо, 150дөн ашык өлкө иштешүүгө макул болгон “Бир алкак-бир жол” долбоорунун учурунда дагы экономикалык борбор катары кала бермекчи. 

“Биотехнологияларды, жаңы материалдар менен энергиянын жаңы булактарын кеңири пайдалануу баардык тармактарда жаратылышка зыянсыз, ылдам үйрөнүүгө жана колдонууга ылайыктуу технологиялык революцияга жол ачты. Илимий-техникалык атаандаштыктан артта калбай, алдыга карай умтулуп, өз ишмердигибизди жигердүү түрдө жаңылап өркүндөтүү аркылуу жеңишке жетүүгө тийишпиз”- деген сөзүн Си Цзиньпин 2012-жылы ККПнын XVIII съездинде айткан болчу. Кытай лидеринин айткан сөзү иш жүзүнө ашканын, Кытай ар бир тармакта технологиялык реформа жасап жатканын СУАРдагы аткарылып жаткан иштер далилдейт экен. СУАР нефтиге, газга, көмүргө бай, электр энергиясын башка провинцияларга экспорттогон чөлкөм экенине карабай, экологияны сактоону башкы максат кылып, энергиянын кайра жаралуучу жаңы булактарын өздөштүрүп жатыптыр. Айрыкча күндүн энергиясынан электр энергиясын алууну. 

Такла-Макан Кытайдагы эң чоң чөл. СУАРдын Хотан округу дал ушул чөлдүн четинде жайгашыптыр. Кагырап өздөштүрүүгө мүмкүн болбогон жерде кайра жаралуучу энергияны өндүргөн индустриалдык  паркка барып, күн энергиясын өндүрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү кандайча ишке ашып жатканына күбө болдук.  Бул фотоэлектрдик өнөр жай паркы Синьцзяндын түштүгүндөгү эң чоңу экен. Анын пландаштырылган аянты 6 миң гектардан ашык. Мында ири энергетикалык долбоорлор курулууда, алардын биринин кубаттуулугу 400 миң кВт. Ошол эле учурда аянты 1300 гектар жана кубаттуулугу 660 миң кВт болгон объектилердин курулушу аяктаптыр. Парк жергиликтүү экономиканын көтөрүлүшүнө чоң салым кошуу менен жашыл энергетика тармагын өнүктүрүүнү максат кылыптыр. Жашыл энергетика боюнча бардык долбоорлор толук ишке кирсе, жылына 300 миллион киловатт-саат иштеп чыгып, көмүр кычкыл газын чыгарууну 330 000 тоннага азайтат экен. Бул бир эле индустриалдык парктын жетишкендиги.

“Оазис” технологиялык фермасы жаңы технологияларды колдонуу менен айыл чарбасына революция жасап жатыптыр. Аталган ферма пахта өстүрүү менен алектенет экен. Мурун бардык ишти адам баласы жасаса, технологиянын өнүгүү заманында жумуштун баарын техника жасап, адам анын иштешин гана көзөмөлдөп турат. Бул биринчиден аз жумушчу күчтү керектесе, экинчиден, убакытты пайдалануудан утат. Ферма пахтаны эгүүдөн баштап, түшүмдү жыйнаганга чейинки процесстин баарына технологияны колдонот. Жердин нымдуулугун, күндүн жылуулугун атайын аппарат аныктап берсе, жаңы техникалар калган иштерди аткарат. Жаңы технологияны колдонуу менен бир гектар жерден 7 тоннага чейин пахта алынат экен. Технологиянын өнүгүүсү таза продукциянын көлөмүнүн өсүүсүнө да шарт түзүүдө.

Корла шаарына жакын жерде жайгашкан пахтаны кайра иштетүүчү  “Lihua Textile Co Ltd” ишканасында процесстин дээрлик бардыгын техника жасап жатканын көрүүгө болот. Ишкана заманбап автоматташтырылган техникалар менен жабдылыптыр. Бул ишкана жергиликтүү пахтаны кайра иштетип, продукциясын экспорттойт. Кытай технологиялык революциянын борбору экенине ферма менен ишканадагы процессти көргөндө ишенбеске арга калбайт.

Акыркы жылдары Кытайдын тарыхына, андагы тарыхый жерлерди көргүсү келген туристтердин саны өстү. Кытай өлкөсү да көптөгөн мамлекеттер менен визасыз режимди киргизүүнү колго алган. Дүйнөдөгү жети кереметтин бири болгон Улуу Кытай сепилин көргөнү барган туристтердин саны канчалык көп экенин айтпаса деле белгилүү. СУАР чыгыш менен батыш цивилизациясы бирдей өнүккөн маданий борбор эмеспи. Улуу Жибек жолундагы байыркы шаарларды, андагы базарларды көргөнү барган туристтердин агымы жыл бою токтобойт экен. 2023-жылы эле СУАР 265 миллион туристти кабыл алыптыр. Азиянын этникалык жана маданий татаал көйгөйлөрү кызыктырган туристтер сөзсүз Кашкарга барышат. Кашкар Жибек жолундагы заманбап шаарга айланган. Кытай бийлигинин эң чоң жетишкендиги, тарыхы бай маданий жерлерди талкалап жок кылбастан, туристик жайга айлантканында. Кашкар жаңы шаар болуп өзгөргөнү менен, шаардын так ортосунда эски Кашкар ошол бойдон сакталып калыптыр. Эски Кашкардын тар көчөлөрүндө туристтер батпайт. Жыгач менен салынган үйлөрдө түнөп, байыркы шаардын жашоосун көрсө да болот экен. Эски Кашкардын ичинде соода кызыган базар, чайхана, ар түрдүү музыка жаңырган жайлар, оюн-зоок болуп жаткан көчөнү аралап, мындан 2-3 кылым мурунку жашоого баргандай болосуң.

СУАР маданий-тарыхый туризмден сырткары айыл чарбасында дагы жаңы туризмди өнүктүрүүнү колго алыптыр. Корла шаарына жакын жайгашкан Ават уезди алмурут өстүрүү менен атактуу экен. Ал жерде алмурут гүлдөгөн учурда асмандагы ак булуттар жерге түшүп келгендей эле көрүнөт. Ават уездине апрелден баштап октябрга чейин алмуруттун гүлдөгөнүн көргөн турситтердин саны тыйылбайт экен. Анткени, ал жерде ар айда гүлдөй турган алмуруттун сортторун өстүрүүнү колго алышыптыр. Алмурут гүлүнүн сезону расмий түрдө апрель айынын ортосунда чоң фестиваль менен ачылат экен. Туристтер үчүн алмуруттун формасындагы эки бөлмөлүү үйлөр даярдалыптыр. Келген туристтер алмурут бактын ичинде, алмурут үйгө жайгашып, сулуулукка суктана беришет.

Синьцзяндын символу анар экен. Эмне үчүн анар? Анткени, анардын ичиндеги данеги бири-бири менен тыгыз, биримдикте жайгашат эмеспи. СУАРда дагы көп улуттун өкүлдөрү жашагандыктан, “Биз көп улуттун өкүлү болгонубуз менен биримдиктебиз” деген ураанды көрсөтүү үчүн анарды символ кылышыптыр.

Азыркы ааламдашуу учурунда, айрыкча Кытай жергесинде жашаган майда улуттун өкүлдөрү өздөрүнүн каада-салтын, үрп-адатын, маданиятын, тилин сактап келатканын белгилеп кетүүчү жагдай. Кытай бийлиги социалдык теңдик, элдин бейпил, бардар жашоосун камсыз кылууну негизги максат деп эсептей турганын жарыялаган. Азыр СУАРда дин эркиндиги берилген. Ар бир улут өзү карманган динди тутунат. Бул аймакта Ислам дини кеңери жайылган. Ал Тургай Ислам университеттери студенттерди окутат. Үрүмчү шаарындагы Ислам университетине мамлекет тарабынан субсидия берилип турат экен. Кашкардагы бир кылымдан ашык тарыхы бар мечит дагы деле иштеп, туристтер барчу жайга айланыптыр. Улутуна карап басмырлоо деген түшүнүк жок, баары мыйзамдын алдында бирдей. Социализм жакыркычылыкты жоюп, калктын турмушун жакшыртуу жана жалпыга бирдей жыргалчылыкка жетишүү талабын коёт деген принцип иштейт. Кытай мамлекетинин жакырчылыкты жоюу программасы чоң жетишкендикке жеткенин СУАРдагы район, кыштактардын бүгүнкү социалдык, экономикалык абалынан көрсө болот.


Бирок, өнүгүп жаткан өлкөнү дүйнөнүн баары эле жакшы көрө бербейт эмеспи. “Адам укуктарын коргоо” ураанына жамынгандар “Синьцзянда мажбурлап жумушка тартуу жүрүүдө. Адам укуктары кордолууда” – деген билдирүүлөрдү жасап келишет. Айрыкча Кытайга каршы турган Батышчыл күчтөр. Бул билдирүүлөр кылымдын калпы, аймактын стабилдүүлүгүнө доо кетирүү максатында ойлоп чыгарылганын айта кетүү керек.  Мындай билдирүүлөрдүн түпкү максаты дүйнөлүк өнөр жай жана товар жеткирүү чынжырчасынын туруктуулугун бузуп, эл аралык экономикалык жана соода эрежелерин дестабилдештирүү болушу мүмкүн. 2022-жылы БУУнун адам укуктары боюнча комиссиясы СУАРда болуп, ал жердеги түрмөлөрдү кыдырып, эң жогорку баа беришиптир. Демек,   Синьцзянда  болуп, ал жердеги анардын данегиндей биримдикте  жашап жаткан элдин жашоо шартын көргөндөр, “мажбурлап иштетүү” деген жалгандарга ишенбейт. Дүйнөдөгү кубулуштар кандай тездик менен өзгөрүп жатса, Кытай ошол тездик менен өнүгүүдө.

 

Наралы АСАНБАЕВ

№33 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 30-апрели

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!