"Эркин-Тоо"
Дүйнө Жаңылыктар

Сингапурда быйыл 17 киши өлүм жазасына тартылды

Сингапурда өткөн аптада баңгизатка байланыштуу кылмыштар үчүн эки күндүн ичинде үч киши өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, ушул окуялар менен быйыл өлкөдө аткарылган өлүм жазаларынын саны 17ге жетип, 2003-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч катталды.

Акыркы жазанын аткарылышы өлкөдөгү баңгизатка байланыштуу кылмыштар үчүн милдеттүү өлүм жазасын караган мыйзамга каршы конституциялык доо жакынкы жумада караларын утурлай жүзөгө ашты.

Мыйзамга каршы чыккан укук коргоочулар милдеттүү өлүм жазасы жашоого болгон укукту жана мыйзам алдындагы теңдикти бузат деп белгилешүүдө. Алардын айтымында, мындай чара Конституцияга каршы келет.

Ал эми Сингапур бийлиги жаза чарасынын катаалдыгы өлкөдө баңгизат жүгүртүүгө каршы күрөштө таасирдүү роль ойноп жатканын билдирет.

2023-жылы өткөрүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, Сингапур жарандарынын жана туруктуу жашоочуларынын 69%ы ири көлөмдө баңгизат ташыган адамдарга карата өлүм жазасын колдоорун айткан. Өкмөт бул көрсөткүчтү коомдук колдоонун белгиси катары баалоодо.