"Эркин-Тоо"

СИРИЯДА ЖҮЗДӨГӨН ЖАЙТУРГУН ОККО УЧКАНЫ КАБАРЛАНДЫ

Дүйнө коомчулугу аялзатынын эл аралык майрамын майрамдап жаткан күндөрү Сириянын мамлекеттик куралдуу күчтөрү алавит азчылыгына кирген жүздөгөн жайтургунду жок кылганын байкоочулар тобу маалымдады. Бул Сирияда өткөн жылдын соңунда Башар Асаддын бийлиги кулатылгандан берки эң чоң кандуу окуя болуп эсептелет. Штаб-квартирасы Англияда жайгашкан Сирия мамлекетинин адам укуктарына көз салган обсерваториясы 8-мартта: «Латакия провинциясында Башар Асаддын жактоочулары менен коопсуздук күчтөрүнүн эки күндүк кагылышуусунан улам алавиттердин 745 мүчөсү өлтүрүлгөн» деп кабарлаган.

Бул уюмдун маалыматы боюнча, 6-мартта башталган кагылышуудан окко учкандардын жалпы саны (1 000) бир миңден ашкан. Алардын  125и коопсуздук кызматтарынын  өкүлдрү, 148и  бийликтен кулатылган режимди жактаган  аскер кызматкерлери экени айтылууда. Сириядагы адам укуктарына көз салган Британияда жайгашкан обсерваториясы өз булактарына таянып, “шейиттердин көпчүлүгүн жакын жерден коопсуздук күчтөрү менен аларга ыктаган топтордун өкүлдөрү атып өлтүргөн, учурда Латакия шаарынын айланасындагы бир катар аймактарда электр энергиясы жана таза суу тартыш болуп жатат” деген маалымат тараткан. “Reuters” менен “Al-Jazeera” маалымат агенттиктеринин билдирүүсүнө таянсак, аялдар, жаш балдар жана кары-картаңдардан чогулган жүздөгөн адамдар Латакиянын четинде жайгашкан Орусиянын “Хмеймим” аскер базасында баш калкалап турганы маалым болгон.

Сирия мамлекетинин убактылуу президенти Ахмед аш-Шараа 9-мартта Дамаск шаарындагы мечитте сүйлөп жатып: “Сирия улуттук биримдикти жана ички тынчтыкты сактап калышы зарыл. Биз бул өлкөдө чогуу жашай алабыз…” деп калкты ынтымакка чакырганы айтылууда. Ал мурдарак зордук-зомбулуктун тутанышын Башар Асаддын жактоочуларынан көрүп, аларды “мурунку өкмөттүн калдыктары” деп атаган эле. Бирок учурда мамлекеттик коопсуздук күчтөрүнүн жай тургундарды атып өлтүргөндүгү боюнча айыптоолорго комментарий берген жок. “Reuters” маалымат агенттиги 9-мартта Сириядагы маалымат булагына таянып, Латакиянын жээгиндеги негизги шаарларга бараткан жолдордо кагылышуулар түнү бою уланганын жазып чыккан. Маалыматта, куралдуу топтор жолдо бараткан машинелерди аткылап, аларды барымтага алууга аракет жасашкан. Хомс, Латакия жана Тартус шаарларында салгылашуу токтобой жаткандыктан коменданттык саат киргизилген.

Серепчилер, бул кагылышуулар Сирия мамлекетинин убактылуу президенти Ахмед аш-Шараанын Башар Асаддан кийинки Сириядагы бийликти көзөмөлдөп, сактап калууга болгон аракети, – деген тыянак чыгарышкан. Баш кеңсеси АКШнын Нью-Йорк шаарында жайгашкан “Soufan Group” аналитикалык консультативдик тобунун саясий изилдөөлөр боюнча директору Колин Кларк: “Латакиядагы окуялар бийлик алмашкандан кийинки күтүлгөн жыйынтык» деп баса белгилеген.

Мындан бир жума мурда Ахмед аш-Шараанын убактылуу бийлигин колдоп келген Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан, Иранды Сириядагы убактылуу бийликке каршы күчтөрдү колдоодон оолак болууга чакырып, мындай кадам туура эмес болуп каларын айтып, эгер расмий Тегеран ага бара турган болсо башка мамлекеттер дагы так ушундай жооп кайтарышы мүмкүндүгүн эскерткени дайын болгон. Анын эскертүүсүнөн бир апта өтпөй өлкөдө кандуу кагылышуулар башталганына дүйнө коомчулугу күбө болду. Башар Асадга каршы декабрдагы чабуулдарда АКШ террордук деп тааныган “Хайат Тахрир аш-Шам” уюмуна Анкара колдогон күчтөр да кошулган. Мындан улам Ахмед аш-Шараа бийликке келгени Түркия, Сауд Арабиясы, Батыш өлкөлөрү менен кызматташууга артыкчылык берип, расмий Тегерандын делегациясын кабыл албай койгону айтылып келет.

Башар Асад мекенинен качып кеткенге аргасыз болгондон кийин, Ирандын жогорку лидерлери, анын ичинде Аятолла Али Хаменей сириялыктар Ахмед аш-Шараанын бийлигине каршы көтөрүлөт, – деп болжошкон. Кээбир серепчилер расмий Тегеран Ахмед аш-Шараага гана эмес, Түркиянын күндөн-күнгө жогорулап бараткан таасирине каршы күчтөргө да колдоо көрсөтүшү мүмкүн, – деген пикирин билдиришүүдө. Маселен, Күрд улутундагы лидерлер жетектеген “Сирия демократиялык күчтөрүн” (SDF) колдоого алышы ыктымал. Башар Асаддын чейрек кылымдык бийлигин кулатып, өлкө башына келген козголоңчулар бир катар коопсуздук маселелерине туш болгону көрүнүп турат. Б. Асаддын бийлигине берилген, алавиттердин өкүлдөрү жаңы бийликтин куралдуу күчтөрүнө мезгил-мезгили менен чабуул жасап жатканы маалым болууда.

Андан тышкары Израилдин күчтөрү Сириянын түштүгүндө өз көзөмөлүндөгү аймакты кеңейтип, учурда алар баш калаа Дамасктан 20 чакырым эле алыс жерде турганына дүйнө коомчулугу күбө. Израил армиясы аскердик объектилерди бутага алып, Сириянын түштүгүн толугу менен аскерлешүүдөн арылтып, эл аралык келишимдердин негизинде мамлекеттик ички актыларга таянып, аскердик базалар менен аскер күчтөрүн кармоого тыюу салып, демилитаризациялоо колго алынсын деген талап коюуда. Мындан албетте үлкөн державалардын Сирияга болгон таасирин байкоого болот.

Бахпурбек Аленов

Пример HTML-страницы