"Эркин-Тоо"

Сириядагы кыргызстандыктарды кайтарып келүү  операциясы соңуна чыгып калды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев , бүгүн өткөн маалымат жыйында 2023-жылдан бери Сириядан 121 кыргызстандык мекенине кайтарылганын  билдирди. Сириядан кайтарылган 121 жарандын 36сы аял, 85и балдар болгон. Алар «Айкөл» гуманитардык миссиясынын алкагында мекенине ийгиликтүү алып келинген.

«Үч жума мурун Сириядан Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу операциясы жүргүзүлдү. Анын натыйжасында 36 адам Кыргызстанга алып келинди. Анын ичинде 16 аял, 20 бала бар. Сириядагы Кыргызстандын жарандарын мекенине дээрлик толук кайтарып бүтүп калдык десе болот. Эми Ирактагы кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу иштерин жүргүзүү пландалууда» , — деди министр.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!