"Эркин-Тоо"

Сириядан 28 аял жана 71 бала Кыргызстанга кайтарылды

Сириянын түндүк-чыгышындагы атайын лагерлерден жарандарды кайтарып келүү боюнча кезектеги «Айкөл 5″ гуманитардык миссиясынын алкагында Кыргызстандын 99 жараны мекенине кайтарылды. Алардын 28и аял жана 71и балдар.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Айкөл 5» гуманитардык миссиясы Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурулган.

Эске салсак, акыркы жолу Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерден 2023-жылдын 8-декабрында Кыргызстандын 95 жараны алынып келген.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!