Бишкек шаарынын Скрябин көчөсүндөгү жол оңдолот. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейинки жол тилкесин оңдоо пландалууда. Ошондой эле Юнусалиев көчөсүнөн Кара-Дарыя көчөсүнө чейинки аралыктагы тротуарлар жаңыланат.
Мэриянын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы аталган тилкелерде жайгашкан объекттердин ээлерине эскертмелерди тапшырды.
Текшерүү иштеринен кийин канча объект буздурула турганы такталары белгиленди.

