"Эркин-Тоо"

Словакиянын Тышкы жана европалык иштер министри Кыргызстанда

Словакия Республикасынын Тышкы жана европалык иштер министри Юрай Бланар Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Сапардын алкагында ал КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугат. Эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты чыңдоо максатында ишкер чөйрөлөрдүн катышуусунда бизнес-форум өткөрүлөт.