Социалдык фонддун окуу борбору мекемесинин адистери 22-декабрда “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинде пенсиялык система тууралуу маалымат беришти.
Пенсиялык төлөм жана аны алуунун шарттарына токтолушуп, пенсиянын камсыздандыруу, базалык, топтолуучу бөлүктөрү жана пенсиялык топтоолорду колдонуу тууралуу бир катар суроолорго жооп беришти.
Белгилей кетсек, социалдык фонддун өкүлдөрү калкты маалымат менен камсыз кылуу менен бирге пенсия тууралуу кеңири маалымат берүү максатында мекемелерге барып, маалымат-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантууда.