2023-жылы аз камсыз болгон 10 миң үй-бүлө мамлекеттен 100 миң сомдон алып, өз бизнесин ачкан. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги кабарлады.
Ийгиликтүү ишке ашкан долбоорлордун эң көп саны Жалал-Абад жана Ош облустарында болгон. Аны менен катар долбоорлордун кыйла кирешелүүлүгү натыйжалуулугу боюнча Бишкек, Чүй жана Баткен облустары алдыда келе жатат.
Социалдык контракт түзүүдө 3 же андан көп балалуу же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө, “Бир айыл – бир продукт” долбоорунун жана жашыл экономиканын критерийлерине жооп берген кирешелүү жана туруктуу бизнес-планы бар үй-бүлөлөргө артыкчылык берилет. Учурда 13 миңге жакын үй-бүлө өз бизнесин ачып, мамлекеттин колдоосу менен киреше ала баштады.
Мээрим БАКТЫБЕК кызы