"Эркин-Тоо"

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАГЫ АЛДАМЧЫЛАРГА АЛДАНБАЙЛЫ

Азыркы учур банк системасында санариптештирүү технологиялары абдан өнүккөн учуру. Анын натыйжасында биринчи кезекте жарандардын акча пайдалануусу үчүн эң мыкты ыңгайлуулуктар түзүлүп келүүдө жана банк кардарлары санариптик технологияларды үзүрлүү колдонуп жаткандыгы да жашыруун эмес. Тилекке каршы мына ушундай шарттарда да жарандарыбыздын акчаларын алдамчылык жол менен өздөрүнө ыйгарып алууга аракет жасап жүргөн шылуундар жок эмес экен. Канткенде биздин жарандарыбыз ушул амалкөйлөрдөн сак боло алышат, алардан алдын ала кантип коргонсо болот жана Улуттук банк жасалма акча жасоого аракет жасагандарга каршы кандай ишчараларды жүргүзүп жатат? — деген суроолор менен Улуттук банктын басма сөз кызматына кайрылдык.

— Социалдык тармактарда улуттук жана чет өлкө валюталарын жасалма чыгарып берүү тууралуу жарнамалык билдирүү ачык жарыяланып жатыптыр. Сиздерде ушундай маалымат барбы?

— Ооба, мындай маалыматтар акыркы убактарда социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу жарыяланып жатканы жашыруун эмес. Азыр акча табуунун оңой жолун издеген алдамчылар бир катар мыйзамсыз иштерди ойлоп таап, ишенчээк же финансылык сабаттуулугу төмөн жарандарды алдап кетүүнүн амалын издешүүдө. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына арыздаттануулар келген жок.

Мындан сырткары, Улуттук банктын атынан финансылык/кайрымдуулук жардам сунуштап, жалган билдирүүлөрдү тараткан алдамчылар дагы жок эмес. Алар кызыктыруучу маалыматты билдирип, эң башкы талап катары жарандардан банктык карталарынын номерин киргизүүнү суранышат. Бул алдамчылык жол менен пайда табуу аракетинин бирден бир түрү. Мындай жол менен жарандар эсебиндеги акча каражаттарын жоготуп алуу коркунучу бар. Ошондуктан, Улуттук банк жарандарды текшерилбеген белгисиз шилтемелерге кирбей, эгер кызыгып кирип калган учурда да, ал жакка жеке маалыматтарды жана төлөм картанын реквизиттерин жазбоого чакырып, Улуттук банк өзүнүн социалдык баракчалары аркылуу билдирүүлөрдү байма-бай жарыялап келет.

— Улуттук банк жасалма акча жасагандар боюнча алдын ала кандай иш-чараларды колдонуп жатат?

— Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, республиканын нак акча жүгүртүүсүнүн натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган иш-чараларды ишке ашырып келет.

Мындай иш-чаралардын бири бул улуттук валютанын жасалма банкноттору менен монеталарын өз убагында аныктоо жана алардын андан ары жайылтылышына бөгөт коюу болуп саналат.

Көрсөтүлгөн ишчаралардын алкагында Улуттук банк жасалма акча жасоого каршы күрөшүү жаатында республиканын укук коргоо органдары менен тыгыз байланышта болуп турат жана ошондой эле Улуттук банк тарабынан 1999-жылдан бери «Сом – Кыргызстандын жүзү» маалыматтык-билим берүү компаниясынын алкагында улуттук валютанын коргоо белгилери боюнча плакаттар даярдалып Улуттук банкта жана Улуттук банктын аймактардагы филиалдары аркылуу финансылык мекемелерде акысыз таратылып турат.

Улуттук банктын ченемдик актыларында дагы жасалма акча жасоо кылмыш болуп саналаары белгиленген. Улуттук банктын медиа-планына ылайык, массалык маалымат каражаттарына улуттук валютанын коргоо белгилери боюнча макалалар жана интервьюлар чыгып турат. Улуттук банктын кызматкерлери өз ыйгарым укуктарынын чегинде жер астындагы өтмөктөрдөгү жана базарлардагы соода түйүндөрүндө улуттук валютанын сүрөттөрүн колдонуу боюнча рейддерди жүргүзүп турушат.

Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча атайын компаниянын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын адистери тарабынан мектептерде, жогорку жана атайын билим берүүчү окуу жайларда көчмө лекциялар окутулуп турат.

— Ушундай адамдарга карата кандай чара колдонуу каралган?

— Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесине ылайык, Жасалма акча белгилерин, металл тыйындарды, баалуу кагаздарды же чет өлкөлүк валютаны же чет өлкөлүк валютадагы баалуу кагаздарды сатуу максатында жасалмасын жасоо же болбосо сатуу максатында сактоо, ага тете сатуу, 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же 5 (беш) жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Ошондой эле, ири өлчөмдө, адамдардын тобу тарабынан жана алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалганы аныкталса, андан да катаал жаза колдонулат. Мындай учурда 5 (беш) жылдан 8 (сегиз) жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат, мүлкү конфискацияланат.

Ал эми кылмыштуу коомдоштуктун курамында же уюшкан топ тарабынан жасалса мүлкүн конфискациялоо менен 8 (сегиз) жылдан 10 (он) жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Ушуга байланыштуу баардыгыңыздарды сак болууга чакырабыз!

Маектешкен Абдимухтар АБИЛОВ
№112 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 23-декабры