Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Баткен облусунун аймагында жүргүзүлүп жаткан жол куруу иштери тууралуу маалымат бербегн учурда белгилүү болду. Андан тышкары Сох – Кан – Зардалы жолунун Зардалы айылына түшкөн Кашка-Суу тилкесинде кооптуу бурулушту жардырып, жол ачуу иштери аткарылууда.
№ 2 Жол тейлөө ишканасы тарабынан:
- Кызыл-Бел – Достук унаа жолунда асфальт төшөө жумуштары жүрүүдө, бүгүнкү күндө 5 чакырымы басылды.
- Айгүл-Таш – Согмент – Таян жолунда жер иштери жүрүп жатат. 1,7 чакырым жол жаңыдан сайдан чыгарылып, салынды. Ал эми 1,5 чакырым жеринде кеңейтүү жумуштары жүрүүдө.
- Бужум – Баткен – Исфара жолунун 3-чакырымында жер жумуштары жыйынтыкталып, асфальт төшөө иштери башталууда.
№ 13 Жол тейлөө ишканасы тарабынан:
- Самат – Замборуч – Жаркыштак автоунаа жолуна асфальт төшөлүүдө.
- Раззаков айланма жолунда асфальт төшөө жумуштары уланууда.
№ 46 Жол тейлөө ишканасы тарабынан:
- Үч-Коргон – Чаувай автоунаа жолунда асфальт төшөө үчүн негизин даярдоо, жолду кеңейтүү жумуштары уланууда.