Бишкек шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жаңы салына турган “Ак-Кула ипподрому” объектиси боюнча долбоордук-сметалык документтерди аткаруу үчүн тендер жарыяланганын билдирди. Маалыматка караганда жаңы ипподромду Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынын аймагына куруу мерчемделүүдө.
Жаңы ат майдандын жалпы аянты 224,8 гектарды түзөт, көрүүчүлөр үчүн 30 миң орундук даярдалат. Ошондой эле 1200-1500 унаа токтой турган жай салынат.
Мындан тышкары, ипподромдун аймагына административдик имарат, 500 орундуу мейманкана, миң кишиге ылайыкталган ашкана жана медпункт курулмакчы.