"Эркин-Тоо"

Сокулукта өспүрүмдү ур-токмокко алган эки жаран кармалды

Сокулук районунда өспүрүм баланы ур-токмокко алган эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-сентябрда Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо жаңы конушунун тургуну 1974-жылы туулган Б.С. аттуу жаран милицияга кайрылып, ушул эле күнү 2007-жылы туулган Ж.А. аттуу уулун себепсиз сабап, денесине жаракат келтирген «Б» аттуу жаранга, анын уулуна жана белгисиз жаранга чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты Сокулук РИИБге катталып, КР Кылмыш-жаза колексинин «Бейбаштык» беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө амалдарын жүргүзүүнүн натыйжасында аталган кылмыш ишине шектүү катары Кыргызстандын жарандары 1959-жылы туулган М.Э. жана 1964-жылы туулган М.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишип, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!