Сокулукта бир тууган эжесин өлтүрүүгө шектелип, 15 жаштагы өспүрүм кармалды.
Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, 23-августта Сокулук районунун Кашка-Баш айылында 23 жаштагы Д.М. аттуу жарандын сөөгү табылганы, ал жарандын башында дене жаракаты бар экендиги, киши колдуу болуп каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган факт Сокулук РИИБне катталып, КР КЖКнын 122-беренесинде көрсөтүлгөн (Адам өлтүрүү) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катарында жабырлануучунун иниси 15 жаштагы Ж.М. аттуу жаран КР КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда кылмыш иши боюнча тийиштүү укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.