"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Сокулукта 400 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Сокулук районундагы 400 гектар жер кайрадан мамлекеттик менчикке өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жер тилкелери 2000-жылдардын башында Жаңы-Пахтин айыл өкмөтүнүн администрациясына “системалуу каттоо” маалында үлүшчүлөргө бөлүштүрүү үчүн берилген. Бирок алар расмий документтештирилбей, ээсиз абалда калган. Ошого карабастан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул жерлерди узак мөөнөткө ижарага берип келишкен.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында, аталган 400 гектар жер Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Пахтин айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлдү.

Азыркы тапта кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүү максатында тиешелүү иликтөө иштери улантылып жатат.