Сокулук районунда «гашиш» баңгизатын сатууну көздөгөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
21-июлунда Сокулук районунун Ново-Павловка айылында 1983-жылы туулган Н.Ж.Т. аттуу жаран кармалып, анын жанынан жалпы салмагы 2 кг 120 граммды түзгөн баңгизат табылган.
Кармалган жаран мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) кылмыш иши козголду.
Азыркы учурда жана бул кылмышка тиешеси бар адамдарды жана баңгизаттарды келип түшүү каналдарын аныктоо максатында мындан аркы ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.