Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Фрунзе айыл аймагынын Студенттер айылында дүкөнчү бычактан жабыркады. Бул тууралуу аймактык кабарчы өздүк булактарга таянуу менен билдирди.
Белгилүү болгондой, Намазалы көчөсүндө жайгашкан дүкөндө 9-класстын окуучусу соода кылып жаткан. 5-январда белгисиз киши дүкөнгө бет кап кийип кирип, соодагерге бычак такап, акча талап кылган. Ошол маалда дүкөнгө кардар кирип, кыз андан жардам сурап бакырган. Андан кийин бет капчан киши кыздын колуна бычак шилтеп, жаракат келтирип, качып кеткенге үлгүргөн.
Айыл тургундарынын айтымында, 2-3 жылдан бери айылда уурулук күчөп, мал-жандык, унааларга тиешелүү ар кандай жабдыктар уурдатып жатат. Бирок, бир дагы ууру кармала электигин белгилешти.