"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Сокулукта жаңырган стадион пайдаланууга берилди

Сокулук районунда жаңырган спорт комплексинин ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев, жергиликтүү тургундар жана спорт сүйүүчүлөрү катышты.

Камчыбек Ташиев сокулукулуктарды жаңы стадиондун ачылышы менен куттуктап, бул жайда мындан ары футболдук беттештер, балбандардын таймаштары, маданий иш-чаралар жана элдик майрамдар өткөрүлөрүн белгиледи.

«Биздин максат — ар бир райондо спорттук инфраструктураны өнүктүрүү, жаштарга мүмкүнчүлүк түзүү жана Кыргызстандын даңкын дүйнөгө чыгаруу», — деди ал.

Ачылыш аземи кыргыз эстрада жылдыздарынын концерти жана КР Улуттук лигасынын кубогунун финалдык беттеши — “Семетей” (Кызыл-Кыя) менен “Легенда” (Көк-Жаңгак) клубдарынын оюну менен уланды.

Маалыматка ылайык, мурдагы стадион 1962-жылы курулуп, эскилиги жеткендиктен 2024-жылы реконструкцияга берилген. Спорт комплекске караштуу аймактын жалпы аянты 1,5 гектарды түзөт. Ал эми трибуналар 2 200 көрүүчүгө ылайыкталган.