Сокулук районунун Кайназаров айыл өкмөтүндөгү «КОСС» дыйкан фермердик чарбасы мыйзамсыз пайдаланып келген 17,34 гектар жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп берди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн жер үлүштөрүнүн бир бөлүгү мамлекеттин чегинен чыгып кеткен же каза болгон жаранга катталган. Бирок аларды “КОСС» дыйкан чарбасы мыйзамсыз пайдаланып келген.