"Эркин-Тоо"

Сокулуктагы ири өрт боюнча иш козголду

Сокулуктагы ири өрт боюнча иш козголду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалганлдай, бул фактты Сокулук райондук милициясы маалыматтардын бирдиктүү журналына каттап, тиешелүү экспертизаларды дайындаган. Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда, сотко чейинки тергөө жүрүүдө.

Эскерте кетсек, кечээ, 20-июнда Сокулук районунун Шопоков шаарындагы мунай базадан өрт чыккан.

Өрт тууралуу маалымат 16:11де түшкөн. Алгач төрт күжүрмөн эсеп, эки ыкчам топ тартылган. Алар жетишпей жатканына байланыштуу дагы төрт күжүрмөн эсеп кошумча жөнөтүлгөн. Өрт 18:06да чектөөгө алынып, 19:22де толук өчүрүлгөн.

Кырсыктан жабыркаган 4 адам Сокулук районунун дарыгерлер практикалык борборуна жеткирилген. Алардын бири оор абалда жандандыруу бөлүмүнө, үчөө травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Бишкектен дарыгерлер бригадасы комбустиолог менен бирге санитардык тазалоого жөнөтүлгөн.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!