Чүй облусунун Сокулук районунун прокуратурасынын көрсөтмөсүнө ылайык, “ЛАХОР СТИЛ МИЛС” ЖЧКсына карата пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлүп, мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Чүй регионалдык мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, Шопоков шаарындагы Биринчи май көчөсү 29А дарегинде жайгашкан ишканада даяр продукцияны сактоочу кампаны куруу жана куйма цехин реконструкциялоо тиешелүү долбоордук жана уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлгөн.
«Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн ишканага 400 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Бирок аны төлөө мөөнөтүндө аткарылбагандыктан, кошумча 400 миң сом туум эсептелип, жалпы айып пулдун суммасы 800 миң сомду түздү.

