Нарын облусунун Бучук тилкесиндеги Солтон-Сары кенинде алтын комбинаты тесттик режимде ишке кирди. Өлкө бийлиги жер кыртышын бузбоо шарты менен алтын кенин иштетүүгө уруксат берген, ал эми жергиликтүү тургундарга жыл сайын 50 миллион сомго барабар социалдык төлөмдөр каралган. Компанияда учурда 350 адам иштеп жатат, алардын басымдуусу жергиликтүү жашоочулар экендиги маалым болду.