"Эркин-Тоо"

SOMO.KG КРИЗИСТЕН ЧЫГЫП, КАРДАРЛАРЫ МЕНЕН ИШТЕШЕ БАШТАДЫ

Somo.kg сайтынын жетекчиси Нуртилек Алимжанов

Мындан бир жыл мурда жалпыга маалымдоо каражаттарына элге онлайн микрокредиттерди берген Somo.kg компаниясы тууралуу материалдар жарыяланып, укук коргоо органдары анын ишмердүүлүгүн текшерүүгө алган. Ал учурда компания ишаракеттерин токтотууга аргасыз болгон. Бирок, ушул күндөрдө Somo. kg микрокредит рыногунда иштеп жатат. Somo.kg онлайн кредит берген компания. Ал рынокто 2019-жылдан бери иштеп келет. Эң биринчи насыясын 2020-жылдын октябрында берген. Андыктан биз Somo.kg сайтынын жетекчиси Нуртилек Алимжановго кайрылып, компаниянын ишмердүүлүгү жана келечеги тууралуу маек курдук.

— Нуртилек мырза, бир жыл мурда Somo.kgнин каржылык рыноктон кетиши тууралуу сөздөр айтылган. Чын эле ал ишмердүүлүгүн токтотконбу?

— Жок, андай эмес. Жүз миңден ашуун кыргызстандыктар биздин кардарларыбыз. Ошондуктан биз жабылууга зарылчылык жок деп эсептейбиз. Ооба, өткөн жылы биздин лицензияны көзөмөлдөөчү орган текшерүү мезгилинде убактылуу токтотуп койгон. Бирок бул нормалдуу процесс. Азыр текшерүүлөр бүткөн. Somo.kgнин лицензиясы 2022-жылдын январында калыбына келтирилген. Учурда Somo.kg Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык гана иштеп жатат. Буга чейин да мыйзамдардын алкагынан чыкпай иштеген.

— Somo.kgге коюлган дооматтардын бири, кредиттердин үстөк пайызынын жогору болушу болгон. Эмне үчүн сиздердин үстөк пайыз банктарга караганда жогору?

— Кандай гана чакан насыя берген компания болбосун, ишмердүүлүгү ушундай тартипте жүрөт. Ар бир бизнесте акча табуу максат кылынат. Эч ким чыгашага иштебейт. Ар бир төртүнчү же бешинчи кардар насыяны кайтарбай койгондо, бул чыгымдарды башкалардын эсебинен жабууга туура келет. Эми биз кардарларыбыздын жоопкерчилиги да жогорулайт деп турабыз. Убакыттын өтүшү менен акчаны кайра кайтарып бербейм деген ниет менен карыз алгандардын саны азаят деп ишенебиз. Ошондой учурда тарифтер төмөндөйт. Андан сырткары, ар кандай себептерден улам банктан насыя албагандар бизге кайрылышат. Алар 5-7 миң сомдун аралыгында насыя алышат. Бул учурда төлөм анча чоң эмес сумма – эки жумалык мөөнөткө 700 сом жана бир айга чейин болсо 2 миң сомго чейин. Эгерде кардар насыянын бардык суммасын төлөй албаса, анда аны бир аз төлөм менен мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү ар дайым бар. Айына бир миңден эки миң сомго чейинки төлөмдү көп жылдар бою ипотекалык насыяны төлөп келген жана турак-жайынан ажырап калуу коркунучунда турган банктык насыя алуучулар менен салыштырууга болбойт.

— Бирок жылдык пайыздык ставкаңыз жүздөгөн пайыздарга чыгып кетпейби?

— Бизде ишмердүүлүгүбүз башкача. Биз кредитти бир жылга бербейбиз, болгону эки жумадан бир айга чейинки мөөнөткө берилет. Мобилдик операторлордон «Ишенимдүү төлөм» кызматын эстесеңиз. 5 сомдон 20 сомго чейинки төлөм менен 50 сомдон 100 сомго чейинки каражат балансыңызга үч күнгө чейинки мөөнөткө ала аласыз. Ал эми муну жылдык эсеп менен эсептей турган болсок, эки жарым миң пайыз болот! Бирок уюлдук операторлорду сүткорлукка эч ким айыптабайт. Кредит үч күнгө берилээрин эл түшүнөт, өзүңүз баамдагандай банктардын кредитинен айырмаланып турат. Биздин ишмердүүлүгүбүздө да абал ушундай. Соңку изилдөөлөр көрсөткөндөй, ар бир алтынчы жашы жеткен кыргызстандык микрокредиттерди берген компаниялардын кызматынан пайдаланган же пайдалануу максаты бар. Ал эми биздин шарттар дээрлик бирдей. Эгерде биз кардарга 10 000 сом берип, бир жылдан кийин 30 000 сом кайтарып берүүнү талап кылсак, пайызы жогору деген айыптоолорго кошулат элем. Бирок бизден 10 000 сом алып, эки жумадан кийин 11 миң сом кайтарып берет. Биз адамдарга жардам берип жатабыз. Анткени азыркы тапта, болгондо да акча аябай зарыл болгон адамдар кайрылышат.

— Кредитти кайтарбагандар көппү? Алар менен кантип иштейсиздер?

— Өткөн жылы он миңдеген адамдар кимдир бирөөлөрдүн айткандарына ишенип, Somo.kgге акчасын кайтаруудан баш тартышкан. Ооба, биз бир эле учурда 50 миң насыя алуучуну сотко бере албайбыз. Бирок бул төлөбөй койсо болот экен дегенди билдирбейт. Биз ай сайын соттон каражатты төлөө боюнча миңден ашуун аткаруу ордерлерин алуудабыз. 5-10 миң сомдук карыздын айынан жаран паспортун же айдоочулук күбөлүгүн узарта албайт, мүлкүн каттата албайт, чет өлкөгө чыга албайт жана кредиттик тарыхы бузулат. Мындай көйгөйлөргө дуушар болгондор, өздөрү келип карыздарын төлөшөт. Бирок бул учурда буга чейинки мамлекеттик алым жана соттук чыгымдарды төлөө менен бирге. Биз кардар өзүнүн каржылык мүмкүнчүлүктөрүн билишине кызыкдарбыз. Ошондуктан биз анализ жүргүзүп, баарына эле насыя бере бербейбиз. Калк арасында каржылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча иштер тынымсыз жүргүзүлүүдө.

— Эл Somo.kgден насыя алгандан кийин кредиттик тарыхы талкаланып, банктан насыя ала албай калганына нааразы болгондуктарын угуп жүрөм…

— Жок, андай эмес. Кардарлар бизге кредиттик тарыхы жок болгондуктан банктар насыя берүүдөн Мындан бир жыл мурда жалпыга маалымдоо каражаттарына элге онлайн микрокредиттерди берген Somo.kg компаниясы тууралуу материалдар жарыяланып, укук коргоо органдары анын ишмердүүлүгүн текшерүүгө алган. Ал учурда компания ишаракеттерин токтотууга аргасыз болгон. Бирок, ушул күндөрдө Somo. kg микрокредит рыногунда иштеп жатат. Somo.kg онлайн кредит берген компания. Ал рынокто 2019-жылдан бери иштеп келет. Эң биринчи насыясын 2020-жылдын октябрында берген. Андыктан биз Somo.kg сайтынын жетекчиси Нуртилек Алимжановго кайрылып, компаниянын ишмердүүлүгү жана келечеги тууралуу маек курдук. баш тарткандыктан келишет. Биз кардарларга ансыз эле кредиттерди беребиз жана кредиттерин өз убагында төлөсө, кредиттик тарыхын түзүүгө жардам беребиз. Ооба, бизде насыяны төлөбөгөн кардарлар бар. Алардын кредиттик тарыхы бузулган. Somo.kg «Ишеним» кредиттик бюросунун мүчөсү болуп саналат жана мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер тууралуу маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Башка кредиттик мекемелер потенциалдуу карыз алуучунун мурунку төлөм тартибин көрүшү керек. Эгерде адам 5 же 10 миң сом төлөгүсү келбесе, 30 же 60 миң сомдук ипотекалык төлөмдөрдү көтөрө аларына кепилдик кайда? Кредитти өз убагында төлөш керек. Эгер 2-3 жыл кечиктирип кайтарып берсеңиз, анда кредиттик тарых бузулуп калат. Анткени, негизги идентификатор кечиктирилген күндөрдүн жалпы саны болуп саналат.

— Somo.kgнин кардарлары көп учурда шылуундардын курмандыгы болуп калышкандыгына даттанышат жана компания буга кызыкдар экендигин айтышат.

— Бул компаниянын күнөөсү эмес. Онлайн алдамчылык өлкө боюнча чоң көйгөй. Жакында Лалафо аркылуу эски муздаткычымды саттым. Ар бир үчүнчү билдирүү менин картамды же электрондук капчыктын чоо-жайын алууга аракет кылган шылуундардан келгендер болду. Алдамчылар биздин кардарларды “тааныштардын” жардамы менен насыя алууга же сумманы көбөйтүүгө жардам бере тургандыктарына ишендирүүгө аракет кылышат. Бул жалган. Кредит шылуундун эсебине которулуп, ал эми карыз алуучу бир топ көйгөйлөргө кабылат. Анан алданган кардарлардын кредиттерин кечүүгө туура келет. Бирок, мындай учурлар азайып баратат. Бул кубантат. Эсиңизде болсун! Сиз насыя алуу үчүн дайыма биздин вебсайтта же компаниянын 20 расмий өкүлчүлүгүнүн бириндеги кызматкерлер аркылуу кайрылышыңыз керек. Ошондой эле шылуундарга жаза чараларын күчөтүүгө чакырабыз. Алар кылмыш жоопкерчилигине тартылса, келечекте шылуундар жоопкерчиликтен коркуп, азаюусуна өбөлгө болмок.

— Компаниянын мындан аркы кадамдары кандай болот?

— Биз Кыргызстанда дагы көп жылдар бою иштөөнү пландап жатабыз, алдыда көптөгөн кызыктуу инновациялык продукцияларды чыгарабыз. Жакынкы келечекте биз кардарларыбызды жаңы кызыктуу сунуштар менен кубантабыз. Бул жылдардын ичинде ишкана бюджетке миллиондогон сомдук салыктарды төктү, колдон келишинче социалдык ишчараларды өткөрүп жатабыз. Somo.kgнин жүздөн ашык ишенимдүү кызматкерлери жана он миңдеген канааттанган кардарлары бар. Карызы барлардын миллиондогон портфели бар. Биз жергиликтүү жана эл аралык өнөктөштөр менен иштешебиз. Жакында эле Орусиянын ири коллекциялык агенттиги менен келишим түздүк. Буга чейин 14 миң иш тапшырылган. Азыркы тапта дагы ошончо даярдап жатабыз. Негизинен булар бизден биринчи онлайн кредит алып, сим-картаны ыргытып жиберген адамдар. Эгерде адам качпаса, кандайдыр бир көйгөйлөрү болсо, биз адатта жолугушууга барабыз. Ошондой эле ири банктар, төлөм уюмдары жана мобилдик операторлор менен кызматташууну тереңдетүүнү улантуудабыз.

№97 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 4-ноябры
Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!