Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Казакстандын соода жана интеграция министри Бахыт Султанов менен жолугушту. Анда эки өлкөнүн индустриалдык соода-логистикалык борборун курууну талкуулашты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Казакстандын соода жана интеграция министринин келиши КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 7-8-декабрдагы Нур-Султанга болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгы менен уюштурулган.