Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн экономика жана соода министрлеринин 13-жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 62%га өскөнүн билдирди. Бул көрсөткүчтү ийгиликтүү деп атаса боло тургандыгы да белгиленди.
Жыйынга Данияр Амангелдиев төрагалык кылып, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу долбоору талкууланып, логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча чоң үмүттөр айтылды. Ошондой эле иш-чарада жашыл экономиканын өнүгүшү да күн тартибиндеги маанилүү маселелердин бири болуп, инвестицияларды тартуунун мааниси белгиленди.