"Эркин-Тоо"

СОРМО САЗГА АЙЛАНГАН ТЫШКЫ КАРЫЗ

Кыргызстанды жакынкы коңшулар “тышкы карызын төлөй албай турган өлкөгө айланды, мамлекет катары жок болот” деген сөздөрүн айтып келгени чындык. Буга өзүбүздөгү калыптанып калган мамлекеттик башкаруу себеп болгону да ырас. Чындыгында өлкөнү кимдер гана башкарбады. “Мас капитаны”, “шоопуру”, “ханзаадасы”, “канайымы”, “түшүнө кирбегени” башкарып жатып, жеткен чегибиз ушул болбодубу. Башкарууга дарамети жетпегендердин айынан экономикабыз сазга батып, ордунан жыла албай турат.

Мындан тышкары президенттерди айга-күнгө теңегендер тегерете курчап алып, мамлекетти башкарууда, чечимдерди кабыл алууда мыйзам менен бекиген механизмдерди формалдуу эмес механизмдер менен алмаштырып, мамлекеттик түзүлүшкө чоң сокку урган. Мыйзамсыз соккудан улам Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу дагы деле өз ордуна келе элек. Президенттер өзүнүн функционалдык компетенциясынан чыгып, мыйзамдуу мамлекеттик башкаруунун ордуна жеке лоялдуу принципке баш ийген жамааттык башкарууну орнотушкан. Жеке лоялдуу принципке баш ийген жамааттык башкаруу тыштан келген кредиттерди дагы өздөрү каалагандай калчаган. Сөздүн ток этери, бат-бат алмашкан Өкмөттөр жамаат кабыл алган чечимди аткарууга аргасыз болуп келишкен. Ушундай жүрүштү жасагандар келечекке балта урганын моюндагысы келбейт.

Мурунку бийлик башындагылар “мурас” катары бири-бирине таштап кеткен, убакыт-сааты жетип жарылганда мамлекетти жоготчу кесепети күчтүү кыңыр иштерди бирининартынан бирин тазалоо вазийпасы азыркыларга туш келди. Азыркы бийлик ушул вазийпаны аткарбаса, өлкө үчүн кесепети оор тийет. Мурунку бийлик тышкы карызды атайлап өстүргөнүнүн себеби, келген тыйындан коррупциялык схема менен өздөрүнүн “чотурун” чыгарып турган болсо, алардын бул адал эмес иши өлкөнүн көз карандысыздыгынын, коопсуздугунун деңгээлин кыйла төмөндөтүп, мамлекеттин суверендүү иммунитетинен баш тартып, бүтүндөй укуктук системасын бүлүндүргөн.

2011-жылдан 2017-жылга чейинки аралыктагы 6 жылда мамлекет 20 жыл ичинде алган тышкы карыздан 2 эсеге көп тышкы карыз алган. Болгондо дагы үстөгү жогору, кайтарып берүү мөөнөтү кыска, мамлекет үчүн коркунучтуу шарттар менен. Кредит алуу үчүн коркунучтуу шарттарга массалык түрдө макул болуп кол коюлуп, алган кредитти реструктуризация же болбосо карызды кечүү маселесин демилгелөө мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарып, мамлекеттин суверендүү иммунитетинен баш тартып, эл аралык арбитраждык териштирүүлөр Кыргызстанга каршы иштей турган абалды жараткан.

Акаевдин 15 жылдык башкаруусунда Кытайдан 45 млн доллар кредит алынса, Бакиевдин 5 жылдык бийлигинин тушунда 145 млн доллар кредит алынган. Ал эми Атамбаевдин 6 жылдык башкаруусунда 2 млрд 450 млн доллар карыз мамлекеттин көз карандысыздыгына шек келтирчү шарттар менен алыныптыр. Бул деген эки президенттин башкаруусундагы учурда алынган кытай кредитинен 13 эсе көп дегенди билдирет. Атамбаев алган кытай кредиттеринин шарттары өлкөнүн каржы коопсуздугуна болуп көрбөгөндөй сокку урса, келечек муундун тагдырын талкалоого барабар. Кыргызстан 2019-жылдан баштап тышкы карызды төлөө үчүн болгон ресурстун көпчүлүгүн жумшап келет. Тышкы карызды төлөөнүн эң жогорку чеги 2031-жылга чейин созулат. Так цифра менен айтканда, 2023-жылдан баштап 320 млн доллар, 2027-жылы 402 млн доллар менен жыл сайын тышкы карызды жаап беришибиз керек. Ошентип, өлкө алдыдагы 10 жылга жакын өзүнүн каржы ресурстарын тышкы карыздарды тейлөөгө багыттайт. Келген кредиттердин баары натыйжалуу пайдаланылбагандыктан, кол куушуруп олтурабыз. Завод, фабрика дегенди кура албадык. Акчанын баарын жол салабыз, электр линиясын тартабыз деген шылтоолор менен коррупционерлердин кулкунуна салып бердик. Эми жыл сайын 31 млрд сомдон ашык каражатты тышкы карызды жабууга жумшап жатабыз.

Мугалимдердин, дарыгерлердин, мамлекеттик кызматкерлердин, чек арачылардын айлыктары көтөрүлгөндөн тартып “Тыштан карыз алып, айлыктарды көбөйтүп жатат” деген сөздөрдү бийликтин оппоненттери жайылтып жатат. Эч кандай тышкы карыз алынбаганын, 3-4 жыл мурун финансы институттар менен кол коюшуп койгон программалык займаларды гана алынып жатканын, буга чейин алынган тышкы карыздарды жабууга олчойгон сумма кетип жатканын жакшы билишсе да, саясат үчүн ошондой сөздөрдү чыгарууга туура келет экен да.

Президент Садыр Жапаров элге кайрылган сайын тыштан эч кандай карыз алынбаганын, буга чейин алынган кредиттерди төлөө өз учурунда жүрүп жатканын айтып келатпайбы. Өзүбүздүн ички булактар менен бюджет көтөрүлүп жатканына дагы ишенбеген саясатчылар жок эмес. Буларга цифраны көзгө сайып көрсөтпөсө ишенбей тургандар. 2004-жылы бюджеттин кирешеси 15 млрд сомдун тегереги болсо, 2009-жылы 49 млрд сомго чейин көтөрүлүптүр. 2017-жылы 126,8 млрд сомдун тегерегине бюджеттин киреше бөлүгү жетсе, 2021-жылы 187,4 млрд сом болгон. 2022-жылы 281,1 млрд сомго көтөрүлгөн. Быйыл 322,8 млрд сомго жетет деген план болууда. Акыркы жылдары бюджет эки эсеге көтөрүлгөнүнө ушул цифралар эле далил. Мамлекеттик башкаруу системасы туура жолго түшсө эле, “Бюджет пустой” деген сөздөн арылып, өлкө казынасын толтурса боло турганына ишеним жаралды.

Асан АБДЫЛДАЕВ
№1 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 10-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!