"Эркин-Тоо"
Башкы кабар

Сот, укук коргоо ишин өркүндөтүүдө эл аралык уюмдар менен кызматташуу жүргүзүлөт

Бүгүн, 7-июнда, Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи отуруму өтүп жатат. Өтурумда КР Президенти Садыр Жапаров, «Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча алдыда боло турган иште Кыргызстанга укук коргоо жана сот тутумун реформалоодо колдоо көрсөткөн эл аралык уюмдардагы өнөктөштөр менен тыгыз кызматташабыз», — деп баса белгиледи.

Мамлекет башчысы укук коргоо органдарынын ишинин сапатын көтөрүү, сот адилеттиги жана жарандардын ишенимин арттыруу боюнча ишти күчөтүү зарылдыгын айтып, «Сот реформасын ишке ашыруу үчүн мамлекет жетиштүү каражат бөлүп берет. Укук коргоо жана сот системасынын ачык-айкындыгын жана адилеттүүлүгүн камсыздоо максатында санарип технологияларды киргизүүнү улантабыз», — деп кошумчалады.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров мыйзамдар укук коргоо жана сот системасынын өнүгүшүнө тоскоолдук жаратпай, ырааттуу жаңыланып турушу керектигин баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүн белгилөө менен Садыр Жапаров аларга сот жана укук коргоо чөйрөсүндөгү реформаларды колдогондугу үчүн ыраазычылыгын айтты. Ошондой эле ал бул багытта кызматташуу уланарына үмүт артарын билдирди.

Жыйынтыгында Мамлекет башчысы эксперттердин бүгүнкү айткан сын-пикирлери жана сунуштары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү үчүн мыйзам долбоорлорун даярдоодо эске алынарын белгиледи.