"Эркин-Тоо"

СОТ ЖАНА УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫ АЛДЫДА

2022-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жарандардан ар кандай арыздаттануулар менен 19 844 кайрылуу түшкөн. Кайрылуулардын чоң бөлүгү Бишкек шаарынын тургундарынан түшкөн, тактап айтканда 4742 кайрылуу бишкектиктерге таандык. Жарандардын бардык кайрылууларынын үчтөн бир бөлүгүн сот жана укук коргоо органдарына карата даттануулар түзөт. Турак жай жана аны куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселеси боюнча 1580, жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү башка маселелер боюнча 1162 жаран кайрылган. Жалпы кайрылуулардын азыраак бөлүгү социалдык кызматтардын иши, айлык акы, пенсия, жөлөкпулдардын аздыгы боюнча, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагына тиешелүү болуп саналат. Бардык келип түшкөн кайрылуулар Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында тиешелүү деңгээлде каралып, анын натыйжалары тууралуу арыз ээлерине маалымдоо жиберилген.

Бегим ТУРДАЛИЕВА
№2 “Эркин-Тоо” гезити
2023-жылдын 13-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!