1995-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Өкмөтүнүн №508 токтому менен “ноябрь айынын акыркы жекшемби күнү КРнын Спорттук, техникалык коргонуу уюмунун кызматкерлеринин кесиптик майрам күнү белгиленет” деп бекитилген. Кылымдык тарыхы бар мындай уюмдун келечек максаттары, ишмердүүлүгү тууралуу мааракелик датаны утурлай дал ушул коомдук бирикменин учурдагы бөлүм башчысы, ардактуу эс алуудагы полковник Советбек Асановичти кепке тарттык.
— Жолдош полковник, алгач өзүңүз эмгектенген коомдук уюмдун тарыхы тууралуу окурмандарга кеңири түшүндүрмө бере кетсеңиз…
— КРнын Спорттук техникалык коргонуу коомдук бирикмеси (СТКУ) өзүн-өзү башкаруунун негизинде аракеттенүүчү өкмөттүк эмес уюм болуп саналат. Уюмга жыл сайын мүчөлөр кошулуп, жалпы саны 25 миң адамга толукталып турат. Бирикменин негизги максаттары:
— Жарандарды мекенчилдикке тарбиялоого катышуу:
— Спорттун техникалык, аскердик-колдонмо түрлөрү, жаштардын техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүүгө жигердүү катышуу:
— Жарандарды КРнын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөөгө жана массалык, техникалык кесиптер боюнча кадрларды даярдоо болуп саналат.
Дагы кененирээк чечмелей келгенде КРнын Спорттук техникалык коргонуу коомдук бирикмеси (СТКУ) мурдагы КРнын ДОСААФ уюмунун мураскери десек жарашат. Ошондуктан, СТКУ боюнча сөз болуп жатканда ДОСААФтын тарыхына токтолуп кетпесек болбойт. Кыргызстандын ДОСААФ уюму 1927-жылы азыркы Каракол шаарында өткөрүлгөн эң биринчи уюштуруучу съездинде уюшулган. Алгачкы төрагасы болуп кадимки залкар Жусуп Абдрахманов шайланган.
1948-жылдын январь айында СССРдин Министрлер Кеңешинин ОСОАВИАХИМди 3 өз алдынча коргоо уюмдарына бөлүү жөнүндө токтому кабыл алынган. Алар:
- Бүткүл союздук аскерге көмөктөөчү коомдук бирикме.
- Бүткүл союздук авиацияга көмөктөөчү коомдук бирикме.
- Бүткүл союздук флотко көмөктөөчү коомдук бирикме.
Бирок, мында бир нече коргоо уюмдарынын болушу аскердик-патриоттук иште параллелизмге алып келди. Коомдук коргонуу уюмдарынын структурасын өркүндөтүү жана күч аракеттерди аскердик-патриоттук иштерге топтоо максатында 1951-жылдын 20-августунда СССР Министрлер Совети бардык 3 уюмду Армияга, Авиацияга жана Флотко жардам көрсөтүүнүн бүткүл союздук ыктыярдуу коомуна бириктирүү жөнүндө чечим кабыл алган. Жаңы түзүлгөн коом 240 миң баштапкы уюмдарды жана 11,5 миллионго жакын мүчөлөрдү камтыды. Кыргыз ССРинин ДОСААФы сыяктуу уюмдарды каржылоо ДОСААФтын Москва шаарында жайгашкан Борбордук кеңеши тарабынан камсыз кылынган. ДОСААФтын 1972-жылдагы Уставынын 2-статьясына ылайык уюм өз ишин өзүнүн мүчөлөрүнүн демилгесинин жана өз алдынча ишинин негизинде иш алып барат. Мында мамлекеттин катышуусу эч жерде көрсөтүлгөн эмес. СССРдин ДОСААФынын Уставынын 50-статьясына ылайык, ДОСААФтын каражаттары коомдун жана клубдун мүчөлөрүнүн кирүү, мүчөлүк акыларынан, анын иш-аракетинен алынган кирешелеринен түзүлөт.
Жакында, тагыраагы 2027-жылы Кудай буюрса, СТКУнун 100 жылдыгын кеңири белгилөөгө аракет кылып жатабыз. Кезегинде КРнын ДОСААФ-ОСОАВИАХИМ уюму Кыргыз ССРинин жаштарынын арасында Ата мекенди коргоого арналган бир катар алгылыктуу иштерди алып барган. Маселен:
- Учкучтарды жана парашютчуларды даярдоо (алардын катарында СССРдин эки жолку баатыры, учкуч Талгат Бегелдинов, СССРдин баатыры Екатерина Пасько ж.б. бар). Эң биринчи кыргыз учкуч-инструктору Касым Ормокоев, Жер шарынын түндүк уюлуна парашют менен түшкөн парашютчу Токтогулова Калия ж.б.
- Фрунзе–Москва маршруту боюнча лыжа менен барышкан Фрунзе аэроклубунун тарбиялануучулары Беринг кысыгын биринчилерден болуп сүзүп өтүшкөн Кыргыз ДОСААФынын командасы ж.б. мисалдар көп.
— Кылымдык тарыхы бар, жарандарды Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөөгө даярдоо бирден-бир негизги максаты болгон бул уюм Улуу Ата Мекендик согуш учурунда совет элине опол тоодой кызмат көрсөтсө керек?
— Абдан туура. Согуш жылдары СССРдин ДОСААФ-ОСОАВИАХИМ уюмдары тарабынан жалпы саны 9 миллионго чамалаган жаран аскердик кесипке үйрөтүлүп, теориялык жактан окутулуп, фронтко жөнөтүлгөн. Алардын арасында:
— 139 миң снайпер.
— 240 миң автоматчы.
— 218 миң станоктуу пулеметчу.
— 257 миң минометчу.
— 92 миң кавалеристтер.
— 41 миң автомобиль айдоочулар болгон.
Ушул жерден тарыхый, ары кызыктуу мисалга токтоло кетейинчи. 1939-жылы Ысык-Көл районунун Жаңы-Жол колхозунун жашоочусу Остапенко Михаил Алексеевич ОСОАВИАХИМ шоферлор курсун аяктагандан кийин фронтко колхоздун машинасын кошо айдап кеткен. Таң калыштуу жагдай, ал машинаны айдап, Берлинге чейин жеткен. Баарынан кызыгы, кандуу согуш аяктагандан кийин Михаил Алексеевич ошол эле машинени кайра колхозго айдап келген. Элестеткилечи, кандуу согуш майданы, Германияга чейинки узак-узак оор сапарлар. Муну менен Кудайдын буюруп койгон нерсеси кандай кыйынчылык болсо да ишке ашырылаарына таңдансак болот.
— Согуш учурундагы оор шарттарда иш жүргүзгөн аталган уюм кандуу алаамат аяктап, советтик система жакшы жашоого карай багыт алганда ишмердүүлүгүн күчөтсө керек…
— Албетте, согуштан кийинки жылдары дагы Кыргызстандын ДОСААФ
уюму СССРдин Куралдуу күчтөрүн жогорку деңгээлде даярдалган аскердик кесиптин ээлери менен толуктап турган. Ошол кездерде КРнын ДОСААФын Советтер Союзунун Баатыры, айтылуу генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков, вице-адмирал Марат Сатиевич Темировдор жетектеп келишкен. Мындай легендарлуу инсандардын аталган уюмду жетектөөсүнүн өзү эле көп нерседен кабар берип турат. Булардын жетектөөсү астында
ДОСААФтын иши жаңы сапаттарга көтөрүлгөнүнө тарыхый документтер да айныгыс мисал боло алат.
— Мамлекеттен каржыланбаган уюмдун учурдагы иш-аракеттери кантип жатат? “Кылт эткен” кыбыраган нерсенин бардыгы каражатка байланган азыркыдай шартта кылымдык тарыхы бар уюмдун иши үзгүлтүккө учурап же аксап калган жокпу?
— Азыркы учурда дагы КРнын СТКУ канчалаган каржылык оор шарттарга карабастан өзүнүн алдына коюлган максаттарын татыктуу аткарып келе жатат. Учурда республика боюнча 44 мекемебиз жылына миңдеген айдоочуларды даярдайт. Алардын 10%дан ашыгы Куралдуу күчтөрдүн катарына чакырылат. Ар бир мекемебизде атайын аскердик-патриоттук клубдар уюштурулган. Ал жерлерде тийиштүү окуу-материалдык базаларыбыз бар. Маселен:
— Атайын жабдыкталган класстар:
— Саптык аянтчалар:
— Спорттук шаарчалар:
— Аскерге даярдоочу аянтчалар:
— Курал-жарактардын макеттери, газга каршы кийим, интернетке кошулган компьютерлер ж.б.
Учурда өлкө аймагы боюнча бардык мекемелерибиз 30 жылдык майрамыбызга арналган мектеп окуучуларынын арасында райондук, шаардык деңгээлдеги аскердик спорт түрлөрү боюнча мелдештерди өткөрүп жатышат. Алар өзгөчө кызуу өткөрүлүп, жеңүүчүлөр СТКУнун атайын кубоктору, медалдары жана кызыктыруучу акчалай сыйлыктары менен сыйланышууда. Мындан тышкары Бишкек шаарында билим берүү департаменти менен бирдикте мылтык атуу боюнча мелдештер уюштурулуп, өткөрүлүп жатат. Бул мелдештерди өткөрүүдө СТКУнун спорттук аткычтар клубу чоң жумуштарды аткарып келүүдө. Келээрки жылдын февраль айында республикалык финалдык мелдеш өткөрүлөт. Ал мелдешке СТКУ тарабынан абдан чоң акчалай сыйлыктар коюлган. Тагыраагы:
— Биринчи орунга 80 миң сом.
— Экинчи орунга 60 миң сом.
— Үчүнчү орунга 30 миң сом.
Бул оюнчулардын арасында чоң атаандаштыкты жаратууда. Кудай буюрса, жаштардын арасында биздин ушул клубда машыккан олимпиада чемпиону Александр Реммович Мелентьевдин жолун жолдогон спортчулар дагы чыга берет деген ойдобуз.
— Мамказынадан каржыланбай туруп, кыйынчылыктарга моюбай үзгүлтүксүз иш жүргүзүп, керек болсо жогорудагыдай зор иштерди аркалоону азыркыдай шартта кайсы “жылаңач баатыр” аркалап жатат?
— Ким кандай десе ошо десин, бирок, азыркыдай шартта мындай баатырлыкка тете ишти легендарлуу генерал-майор Кошонов Анарбек Айтышевич аркалоодо. Өзүң айткандай, каржылык жактан кыйын шарттарда азыркы жетишкендиктер үчүн СТКУнун борбордук кеңешинин төрагасы, генерал-майор Анарбек Айтышевичти эң жогорку мамлекеттик сыйлык менен сыйлоо да аздык кылат. Кайпактатпай, кептин түз маанисинде айтканда КРнын Спорттук, техникалык коргонуу уюмун барган сайын жаңы сапаттарга көтөрүп, заман талабынан калтырбай, кем-карчтарын толуктап, ар түрлүү спорттук оюндарды уюштуруп, аларга каржы булактарын таап берип, жумуштун ысык-суугуна чыдап, ийгиликтерди камсыздап жаткан Анарбек Айтышевичтин үзүрлүү эмгеги менен биздеги жетишкендиктер ишке ашууда. Мындай иш билги, караңгыда жол таба билген легендарлуу инсан турганда алдыда уюмдун бир кылымдык мааракеси эң жогорку деңгээлде өтөөрүнөн күмөн санабай деле койсок болот.
Калыгул Бейшекеев

