"Эркин-Тоо"

SPF каражаттардын пайдасы эмнеде?

SPF (Sun Protection Factor) — күндөн коргой турган фактор.

SPF фактору камтылган бет майлардын пайдасы барбы? Болсо, каражаттын кандай түрүн тандоо керек? Аталган бет майлар күндүн нурунан гана коргойбу?

Күн бизге бир гана жарык менен жылуулук тартуулабастан, андан адамдын көзүнө көрүнбөгөн ультра-кызгылт көк нурлары бөлүнөт. Дал ушул нурлар адам үчүн төмөндөгү көйгөйлөрдү жаратат:

  • сепкил жана кара тактар
  • теринин күйүп калышы
  • теринин кызаруусу жана сезгенүүсү
  • теринин эрте картайуусу
  • териде залалдуу шишиктердин (рак) пайда болушу. Мына ушул көйгөйлөрдөн сактануу үчүн күндөн коргогон бет майларды күн сайын колдонуу өтө маанилүү. Ал эми коргонуу деңгээли жогору болгон каражаттарды тандоо — адамдын терисинин түсүнө байланыштуу болот. Коргонуу каражаттарын тандоо мындан тышкары сиз жашаган аймактын жаратылыш шарттарынан дагы көз каранды. Мисалы, тоолуу аймактарда, көлдүн жээгинде жашагандар жана күн алдында көп жүргөндөр SPF фактору 30дан жогору болгон каражаттарды колдонушу керектелет.
Күндөн коргогон каражаттарды тандоодо эмнеге көңүл буруу керек?

Айрымдар жаңылыштык менен SPF фактору 30 жана андан жогору болгон каражаттарды өңү сары болгон адамдар гана колдонушу керек деп эсептешет. Бирок, тери күнгө күйүп калбашы үчүн, фактордун деңгээлинин көрсөткүчүн туура тандоо керектелет. Көрсөткүч канча жогору болсо, ал ошончолук натыйжалуу иштейт. Бирок эсиңизде болсун, күндөн коргогон каражаттар убакыттын өтүшү менен өзүнүн коргоо касиетин жогото баштайт. Күн ачуу тийген маалда коргоо деңгээли 50 болгон бет майларды дагы 2 саат сайын кайрадан жаңылап териге сүртүп туруу керектелет.

Эгерде сиз жумуштан үйгө чейинки аралыкта гана күн алдында жүргөн болсоңуз, анда сизге SPF фактору 30га чейинки каражаттарды колдонуу жетиштүү болот.

Ал эми, сиз эс алууга чыгып, күнөстүү жерде жүргөн болсоңуз, анда каражаттардын фактору 50 же андан жогору болгондорду тандашыңыз зарыл.

SPF каражаттары тууралуу эмнени билүү керек?

Күн нурунан сактаган каражаттар эгер туура эмес сакталса, ал өзүнүн коргоо касиетин жоготуп гана койбостон, териге терс таасирин тийгизет. Мисалы, тери сезгенип, аллергиялык реакциялар жүрүшү мүмкүн.

Кутуда жазылган эрежелерди так кармануу өтө зарыл. Бет майды күн нуру тийген жерге, ысык унаанын ичинде сактоо туура эмес. Мындан тышкары, каражаттын сактоо мөөнөтүнө көңүл бурушуңуз керек. Эгерде бет майдын өңү, жыты өзгөрүп кеткен болсо, аны колдонуудан баш тартыңыз.

​Эске салсак, SPF камтылган күндүзгү бет майларды жылдын каалаган мезгилинде колдонсо болот. Кышында SPF10 болгон каражаттар жетиштүү. 

.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!