Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы спирт өндүрүү жана жүгүртүү боюнча мамлекеттик агенттикке жана «Кара-Балта спирт заводуна» жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктарын карап, бир катар олуттуу кемчиликтерди аныктады.
Текшерүүдө агенттик мыйзамсыз алкоголдук продукциялар боюнча так эсеп жүргүзбөгөнү, айып санкцияларын соттук аткаруучуларга убагында өткөрбөгөнү жана 2023-жыл үчүн сатып алуулар планын бекитпей калганы белгиленди. Иш сапар чыгымдарын тастыктоо боюнча да документтер толук болбогон.
«Кара-Балта спирт заводунда» болсо эмгек келишимдеринде кызматкерлердин функциялары так көрсөтүлбөгөнү, эмгек акы аныктоонун бирдиктүү тартиби жок экени аныкталды. Зыяндуу шарттар үчүн кошумча төлөмдөр, жумуш орундарын аттестациялоо жүргүзүлбөстөн эсептелип төлөнгөнү, сатып алууда талаптар сакталбаганы жана рынокко талдоо жүргүзүлбөгөнү да белгиленди.
Эсептөө палатасы эки мекемеге ички тартипти бекемдөө, көзөмөлдү күчөтүү жана кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштарды берди.

