"Эркин-Тоо"

Спортчулар үйлүү болушту!

Кечээ, 13-январда эркектер арасында эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын ачылыш аземинде 2021-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын балбандарына жана машыктыруучуларына Бишкек шаарынан 10 батир белекке берилди.

КРнын Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев федерациянын атынан Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси, Ослодо өткөн Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү Айсулуу Тыныбековага Бишкектен бир бөлмөлүү батир, Ослодо өткөн эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш байгенин ээси, Белградда өткөн 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү Эрназар Акматалиевге эки бөлмөлүү батир, Бекболот Мырзаназар уулуна бир бөлмөлүү батир тапшырды.

КРнын эркин күрөш боюнча федерациясынын вице-президенти Алмаз Бекбоев федерациянын атынан эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Русланбек Маджиновго 425 миң сом акчалай сыйлык, 23 жашка чейинкилер арасында улук машыктыруучу Исламбек Тазабековго — 85 000 сом жана 17 жашка чейинкилер арасында улук машыктыруучу Нурлат Такировго — 50 000 сом тапшырды.

КРнын кыз-келиндер күрөш федерациясынын президенти Динара Исаева Айсулуу Тыныбековага, Мээрим Жуманазаровага, Айпери Медет кызына жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабековго өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн атынан  бир бөлмөлүү 4 батирдин сертификаттарын тапшырды.

Чемпионаттын ардактуу коногу, “Дордой” ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков Алибек Осмоновго, Акжол Махмудовго, Жоламан Шаршенбековго бир бөлмөлүү батир белек кылды.

Иш-чарага КРКФнын мүчөлөрү, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Кыргыз Республикасынын Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Нурланбек Исмаилов, КР Улуттук олимпиада комитетинин өкүлү Садыр Мамытов, «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков, КР дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев, ошондой эле чемпионаттын өнөктөштөрү жана демөөрчүлөрү катышышты.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!